УКМК Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү аныктады

УКМКнын басма сөз кызматы Бишкекте мыйзамсыз көп кабаттуу үйлөрдү курууга байланышкан коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, турак үйлөр тиешелүү документтери жок компания тарабынан, мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынан турган топтун калкалоосу астында курулган.

Белгиленгендей, үйлөр курулуш-монтаж иштерине керектелүүчү инженердик тармакка мыйзамсыз туташтырылган.

«Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер ошону менен келечектеги жашоочулардын ден-соолугуна, ошондой эле жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат», – деп белгилешти УКМКдан.

Коопсуздук комитети макулдашылбаган курулуш борбор калаанын экологиясына дагы терс таасирин тийгизерин билдирди. Аны менен бирге «белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, эч кандай компенсация төлөнбөстөн куруучунун эсебинен милдеттүү түрдө бузулууга жатат».

УКМК аталган имараттар тек кайсыл компанияга тиешелүү экенин ачыктаган жок. Бирок жарыяланган сүрөттөргө жана үйлөрдүн жасалгасына караганда, дал ушундай объектилерди Elite House курулуш компаниясынан көрүүгө болот.

Мисалы, УКМКнын сүрөтүндөгү имараттардын бири жасалгасы боюнча Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Континенталь» турак-жай комплексине окшоп кетет.

Дагы бир имарат Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Эл Классик» комплексине түспөлдөшөт. Имаратты үйдүн бурчтарындагы мүнөздүү куполдорунан таанууга болот.

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка караганда, Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси катары Руслан Нармедов, ал эми ээлери катары Шахинура Нармедова менен Тимур Файзиев көрсөтүлгөн.