Бир видео менен: Бишкекте Ленинград блокадасынын 77 жылдыгы эскерилди

Бишкекте 27-январда Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Ленинград блокадасынын 77 жылдыгы эскерилди. Иш-чаранын катышуучулары блокада курмандыктарынын мемориалына гүл койду.

Видео: 24.kg

Ленинградды блокадалоо – бул немис армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде 1941-1944-жылдар аралыгындагы, чыгыш фронтунда Ленинградды — азыркы учурдагы Санкт-Петербургду басып алуудагы узакка созулган аскерий операция.

Түрдүү эсептерге караганда, Ленинград блокадасында ачкачылыктан 600 миңден ашуун адам көз жумган. Блокадалуу Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 миңи жаш балдар болгон.

Учурда өлкөдө Ленинградды блокададан бошотууга катышкан болгону 14 гана ардагер калды. Алар Бишкек, Кара-Балта жана Балыкчы шаарларында жашайт.