Ошто аскер кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарында баңгизат сатып жүргөн аскер кызматкерин кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

30 жаштагы шектүү 27-январда баңги каражаттарын сатуу учурунда Ош шаарында кармалган. Анын жанынан табылган затка соттук-химиялык экспертиза жасалып, ал гашиш болгону аныкталды.

«Андан сырткары, кармалган жак Ош жана Чүй облустарынын аймактарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун арасында баңгизаттарды жайылтууга тиешеси бар экени аныкталды. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.

Өткөн жылдын февраль айында Оштун милициясы баңгизат сатып жаткан аскер кызматкерин кармаган. Кармоо учурунда жоокердин жанынан 285 грамм гашиш жана акча табылган. Анткен менен аскердин жакындары аны кармоо «атайылап жасалганын» айтышып, үйдү тинтүү учурунда баңгизат табылбаганын айтышкан.