«Подстава кылып коюшкан». Ошто аскер кызматкери баңгизат менен кармалды

Ош шаардык милициясы аскер кызматкери баңгизат сатып жаткан учурда кармалганын кабарлады. Окуя 15-январда болгон. Шектүү 16-мартка чейин тергөө изоляторуна киргизилди.

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева «Клоопко» жоокер кармалган учурда анын жанынан 285 грамм гашиш жана акча табылганын билдирди.

«Азия улутундагы 25-30 жаштагы жаран баңгизат сатуу менен алектенет деген ыкчам маалымат келип түшкөн. [...] Ош шаарында баңгизат каражатын сатып жаткан учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну кармалды», — деди Сатарбаева.

Бул иш «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Шектүүнүн атасы Токтогул Насырынбеков «Т-Медиа» басылмасына билдиргендей, ошол күнү баласына Бекжан аттуу кесиптеши 30 миң сом акчаны «бирөө алып кетет» деп берип турган. Үйдү тинтүү учурунда ошол акчаны табышкан, бирок эч кандай баңгизат табылган эмес.

«“Подстава” кылып коюшкан. Ал Бекжан аттуу жаран мурда баңгизат менен колго түшкөн экен. “Аркамдан бирөөнү кармап берем” деп менин баламды салып берген», — дейт Насырынбеков.

Насырынбеков укук коргоочулар анын баласына күнөөнү мажбурлап мойнуна алдырып жатканын айтууда.

Бирок Жанна Сатарбаева шектүүнү Бекжан аттуу кесиптеши «салып берди» деген маалыматты четке кагууда. «Анткени биз иш-чара жүргүзүп жаткан учурда жанынан баңгизат жана акча табылган», — дейт Сатарбаева.

Бул айдын башында Оштун милициясы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 42 жаштагы жергиликтүү тургунду 101 килограмм баңгизат менен кармаган. Ал тууралуу маалыматты милицияга Ош шаарында баңгизат менен кармалган эки жаран сурак берип жатканда беришкен.

Ал эми өткөн жылдын сентябрь айында ошол эле Токтогул районунда эки АКШ жараны 1 килограмм марихуана менен колго түшкөн. Натыйжада алардын ар бирине 260 миң сомдон айып пул салынган.