Сегизбаевдин жубайы: Бийлик Жаныш Бакиевдин аялын жана өзүн да кармашы керек

Буга чейин кармалган УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева 28-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясы учурунда филармониянын жанынан кармалгандан кийин бийликке кайрылды.

Сегизбаева кайрылуусун инстаграм барагында жарыялаган. Анын айтымында, ал «Зомбулук, ок атуучу курал менен коштолгон тополоң жана массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча күбө катары кармалган.

«[Инаугурация күнү] филармонияга жакын жердегилердин бардыгын кармап жатышты го деп ойлойсуң. Бирок кийинчерек мага карата ИИМдин тергөөчүсүнөн тергөө тапшырмасы берилгени белгилүү болду», — деди Сегизбаева.

Мындан тышкары, ал Абдил Сегизбаевдин колуктусу болгону үчүн эле кармалган болушу мүмкүндүгүн болжоду.

«Менден бийликке сунуш жаралды — анда силер 11 жылдан бери адамдарды жапырт атканы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевди, анын жакында эле кайтып келген аялын кармашыңар керек», — деп билдирди ал.

Ошондой эле, Айнура Сегизбаева Садыр Жапаровду президенттик кызматка келиши менен куттуктап, айрымдар анын башына келген «сыноолорду» президенттин жубайы Айгүл Жапарова башынан кечирген кыйынчылыктар менен салыштырып жатканын айткан. Ошондой эле, бул «биз туура жолдо» экенибизден кабар берет деп кошумчалаган.

Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаева келгени тууралуу ырчы Айчүрөк Султанова Токторбаева менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыялагандан кийин белгилүү болгон. Бирок Султанова көп өтпөй сүрөттү өчүрүп койгон. Орозгүл Токторбаева акыркы жылдары Жаныш Бакиев менен Минск шаарында жашап жүргөн. Алардын ортосунда бир бала бир кыз бар.

Жаныш Бакиев — Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси. Ал өлкөнү агасы башкарып турганда Мамлекеттик күзөт кызматын башкарган.

Сот 2013-жылы 2010-жылдагы апрель революциясында кулатылган президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.

Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сот оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн Жаныш Бакиевди «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыраткан.

Учурда бир тууган Бакиевдер Беларуста жашайт — аларды Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, Курманбек Бакиевдин үзөңгүлөшү Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий) жетектеген БУБК компаниясы менен байланыштырып келишет.

*БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.

«Урицкий» Данияр Үсөнов экенин танып жүргөнү менен Беларустун президенти Александр Лукашенко аны Данияр деп атап, кыргыздар тууралуу айтып жүргөнү бар.

Сегизбаевди кармоо

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Алардын маалыматына караганда, 2021-жылдын 14-январында Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде башкы прокуратура тарабынан «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кайрылууда Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда мыйзамсыз аракеттерге барган, айрыкча, «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп атылат. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-январда Сегизбаевди 25-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Сегизбаев мыйзамсыз аракеттерге шектелүүдө, тагыраагы, ал парламент депутаттары Алманбек Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаевди жана экс-башкы прокурор Аида Салянованы «эл алдында атайын дискредитация кылган» делип айыпталууда.

«Белизгейт»

2016-жылы күзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул чечимди «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов сынга алышкан.

Президенттин дарегине айтылган сындардан кийин УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев «ата мекенчилер» Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдор «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышат деп билдирип, борбор америкалык Белиз мамлекетинен алынган деп айтылган документтерди көрсөткөн.

Депутаттар документтер «жасалма» деп ырасташып, ал эле эмес УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди сотко дагы беришкен. Бирок соттон утулуп калышкан. Ал эми Сегизбаев жумуштан кеткенден кийин УКМКнын жетекчиси болгон Идрис Кадыркулов келгенде, коопсуздук кызматына Белизден эч кандай документтер келип түшпөгөнү билинген.