Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Сооронбай Жээнбеков / Дүйшөнбек Зилалиев

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаардык сотуна чакырылды. Бул тууралуу Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирди.

Токтакунованын айтымында, экс-президент Зилалиевдин «Оптима Банктагы» кутучасында миллионго чукул АКШ доллары табылганы боюнча чакырылды.

«УКМК тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев “миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу” деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан, аны эч ким суракка алган эмес. УКМК да “жок, бул миллион доллар сеники” деген жүйө менен сотко өткөрүп берген. Азыр экс-президент башка жарандардай эле укукка жана милдетке ээ», — деди Токтакунова.

Жээнбеков сотко алгач 28-январда чакырылган, бирок ал жаңы президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышкандыктан ал отурумга келген эмес. Экс-президент Бишкек шаардык сотуна 3-февралга чакырылганы маалымдалды.

Ал эми Жээнбековдун адвокаты Жыргалбек Бабаев мыйзам боюнча экс-президент соттук отурумга барууга милдеттүү эмес экенин билдирди. Ошондой эле, ал Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок болгондугун кошумчалады.

«Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин “банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган” дегени курулай жалаа, ишке саясий боёк берүүгө жасаган далалаты», — деди Бабаев «Азаттыкка».

Жээнбековдун адвокаты Зилалиев «Оптима Банктагы» сейфтик кутучаны 2016-жылдын июль айында ачып, 2017-жылы анын мөөнөтү аяктаганын айтты. Ал эми банктын кызматкерлери комиссия түзүп, кутучаны ачып эки жумадан кийин Зилалиев бул акчаны алып кеткен деп жыйынтыктады Бабаев.

Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган. Ал убакта аткаминерден декларацияга кирбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе орун жайлары жана зер буюмдары табылган. Ошол эле учурда Зилалиевдин жана жубайынын расмий кирешеси кыйла аз болгон.

2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Биринчи май райсоту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле, аны үч жылдык мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.

6-октябрда массалык башаламандык жана Ак үй басылып алынгандан кийин Зилалиев тарапташтары тарабынан УКМКнын тергөө изоляторунан бошотулган. Бирок Зилалиев бир аптадан кийин абакка кайтарылган.