Марипов министрлик менен комитеттерди кыскартууну убадалады

Парламенттин көпчүлүк коалициясы 1-февралда премьер-министрликке Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкелигин карап жатат.

Депутат Абдывахап Нурбаев Мариповго өкмөттүн курамын кыскартуу тууралуу суроо узатты. Премьерликке талапкер эгерде өкмөттү жетектей турган болсо өкмөттүн мүчөлөрүнүн санын кыскарта турганын билдирди.

«Ачык эле айтайын, 22 өкмөт мүчөсү 16 өкмөт мүчөсүнө чейин кыскарат. Андан сырткары өкмөткө караштуу мамлекеттик агенттиктер, ведомстволор, фонддор боюнча кардиналдуу реформалар жүрөт», — деди Марипов.

*Өкмөттүн мүчөлөрү болуп премьер-министр, төрт вице-премьер, өкмөттүн аппарат башчысы, 12 министр жана төрт комитеттин төрагалары эсептелет.

Мындан сырткары Марипов Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматында кала турганын кошумчалады. Буга чейин айрым ЖМКлар Бейшеналиевдин ордуна Улуттук агрардык университетинин ректору каралып жатканын жазышкан.

Вице-спикер Аида Касымалиева Мариповдон кайсы ведомстволор кыскара турганын сурады.

«Бизде бүгүнкү күндө Экономика министрлиги бар, Каржы министрлиги бар. Андан сырткары да бир топ кирешелер боюнча өкмөттүн астындагы мамлекеттик органдар бар. Ушулардын баарын биз азыр карап жатабыз, реформалардан кийин, мен ойлойм, бир блокко кирет. Ошол блоктун жетекчиси вице-премьер статусун алат», — деп жооп узатты Марипов.

Учурда өкмөт төрт вице-премьер, 16 министрлик жана ведомство, тогуз агенттик, 11 мамлекеттик кызмат, алты фонд жана инспекциялардан турат.