Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды

Нуркамал Асканова

Өлкө башчы Садыр Жапаров президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловду кызматынан 1-февралда бошотту. Анаркуловдун ордуна КТРКнын журналисти Нуркамал Асканова дайындалды.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Анаркулов «жазган арызынын негизинде» бошотулган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 30-январда кармалган.

Атайын кызмат Анаркуловду «Пара талап кылуу» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Анаркулов «мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган».

Ал эми президенттик аппараттын маалымат кызматынын башчысы Асканова буга чейин КТРКнын маалымат-чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинин баяндамачысы жана «Кайдасың?» программасынын алып баруучусу болуп иштеп келген.