Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү героин менен кармалды

Кармалган шектүү

Ош шаарынан келе жаткан машинин багажынан героин табылды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы билдирди.

Ага ылайык, 26-январда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын өкүлдөрү Оштон Чүйгө бараткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү машинада баңгизат бар экени тууралуу кабар алышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, баңгизат Сокулук районундагы айылдардан бирине жеткирилмек. Маңзатты ошол эле күнү 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран алып кеткени келгенде кармалган. Ал буга чейин соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда турары белгилүү болгон.

Жүктү кароо учурунда кийимдин ичинен желим баштык табылган, анын ичинде өзгөчө жыты бар зат болгон. Криминалистикалык экспертиза алынган зат героин (15 грамм) экенин аныктаган.

Шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында кылмышка катыштыгы бар башка адамдар дагы изделүүдө.

Эске сала кетсек буга чейин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 54 жаштагы тургун маңзатты мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалган.