Нарында жергиликтүү депутаттын кармалышына нааразы болгон эл митингге чыкты

Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтка 200гө чукул адам тынчтык митингине чыгышты. Чогулган Жерге-Тал айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутаты Алымбек Керимкановдун кармалганына нааразы экенин белгилеп, жайыт маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

1-февралда Жерге-Тал айылынын активисти Керимканов милицияга сурак берүү үчүн чакырылып, андан соң кармалган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Аалиев Алымбек Керимканов бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу боюнча шектелип кармалганын билдирди.

«Бир ай аралыгында иликтөө иштери жүргүзүлөт. Аны эч ким сот жообуна тарткан жок. Окуя болгон жерден катышуучулардын кыймыл аракети тартылып алынган 11 видео бар. Сотко чейинки териштирүү иштеринин негизинде 104 адам суралды. Ал эми 8 кишинин текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп түшүндүрдү облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Аалиев.

Катышуучулар активистти кармоонун себебин 2020-жылдын июнь айындагы жайыттарды колдонуудагы талаш маселе менен байланыштырып, анын кармалышы негизсиз деп эсептешет.

Ал эми облустук администрация бул маселе боюнча жыйын куруп, укук коргоо органдарынан жергиликтүү депутатты үй камагына чыгарууга макулдук алып бергенин билдирди.

«Азыркы учурда биздин облустук администрациянын жайыт маселелеси боюнча жыйыны болуп жатат. Отурумдун негизинде бардык маселелер каралып, жергиликтүү кеңештин депутаты үй камагына чыгарылат», — дейт Нарын облустук администрациянын маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева.

2020-жылдын июнь айында Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 100дөн ашуун тургуну Кум-Бел жайлоосуна бара жаткан Кочкор районунун малчыларынын буюм-тайымдары жүктөлгөн «КамАЗдарын» тосуп, аларды бир апта жайлоого өткөрбөй турушкан.