Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө казынадан жарым миллиард сом кетет. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.kg басылмасына курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, чыгымдардын көбү участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларанын өкүлдөрүнүн айлыктарына жумшалат.
«30 миңден ашык адам бар. Ошондуктан, алдын ала эсептөөлөр боюнча, эгер эки процессти бириктирсек, анда 500 миллион сомго барат. Мыйзам боюнча, биз шайлоо күнгө чейин бир ай мурда календардык планды жана сметаны бекитишибиз керек», — деди Шайназаров.
БШКнын мүчөсү шайлоо комиссиясы парламент депутаттары жалпы элдик добуш берүү жөнүндө мыйзамды кабыл алып, ал эми президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо кампаниясын өткөрүү күнүн дайындагагандан кийин даярдык көрө баштарын кошумчалады.
«Жергиликтүү шайлоону АШКлар өткөрөт. Ал 11-апрелде өтөт. Биздин максат — референдум уюштуруу. Жалпы элдин оюн угуу көп чыгымды талап кылбайт жана башты адаштырбайт, анткени бюллетенге бир гана суроо кошулат. УШК жана АШКлар түзүлдү, алардын мүчөлөрү окутуудан өттү», — деп белгиледи Шайназаров.
Болуп өткөн парламенттик шайлоо жана референдумга канча каражат сарпталган?
Дата-журналист Савия Хасанова кезексиз президенттик шайлоого, башкаруу формасына байланышкан референдумга жана Садыр Жапаровдун ант берүү аземине өлкө казынасынан канча каражат сарпталганын иликтеген. Хасанова бул иш-чараларга кеткен каражаттын суммасы 2019-жылы Талас облусуна бюджеттен бөлүнгөн суммага барабар экенин аныктаган.
Конституция боюнча референдум
Депутат Акылбек Жапаров 2-февраль күнү Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде, жергиликтүү кеңешке шайлоо менен бир күндө өтөрүн билдирди.
«Убактысы белгиленди. Болжолдуу дата айтылды», — деген ал.
Боршайком болсо референдум өткөрүүнүн датасы тууралуу акыркы чечим жок экенин, анткени тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек деп билдирген. Ал эми жергиликтүү кеңешке шайлоолор календар боюнча 11-апрелге белгиленген.
Юридикалык баа
Юристтер кыргызстандыктарды Конституцияга түзөтүү киргизүү жана талкуулоо конституциялык укугунан ажыратышты деп эсептешет.
«Конституциялык кеңешме негизги мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтөрөн мурда добуш берүү баскычында коомдук талкууга чыгарышы керек болчу» , — деп билдирди «Медиа Полиси Институтунун» юристи Нурбек Сыдыков.
Конституциялык кеңешме жана «Ханституция»
Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон: жарыялангандан кийин документ юристтер менен коммчулуктун кескин сынына кабылган.
Президенттин м.а. Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгына кол койгон. Органга 89 адам кирген.
Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес.
Кыргызстандагы башкаруу формасы боюнча референдум 10-январда, кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө өткөн. Борбордук шайлооо комиссиясы 20-январда референдумду өттү деп тааныган, «президенттик башкаруу формасы» үчүн 80%дан ашуун шайлоочу добуш берген.
Ошол эле күнү БШК Садыр Жапаровду өлкөнүн жаңы шайланган президенти деп тааныган. Анын ант берүү аземи 28-январда Бишкекте өткөн.