8-февралдан тартып Бишкек — Москва каттамы боюнча туруктуу аба каттамдары көбөйтүлөт

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги орус бийлиги Бишкек — Москва маршруту боюнча туруктуу аба каттамдарын көбөйтүү чечимин кабыл алганын кабарлады.

Ага ылайык, 8-февралдан тартып «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» авиакомпаниялары тарабынан аптасына үч жолудан үзгүлтүксүз учуу болуп турат.

Элчиликтен белгилешкендей, үзгүлтүксүз каттамдардын графиги дагы такталууда. Андан тышкары, Орусиянын шаарларына чартердик учактар каттап жатат. Бирок чартердик каттам менен учууну каалаган кыргызстандыктар тиешелүү негиздеме көрсөтүшү керек.

Коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынган карантин чараларынын айрымдары алынгандан кийин кыргыз жарандарына үзгүлтүксүз каттамдар аркылуу Москвага учууга уруксат берилген. Бирок билеттин баасы 70 миң сомго чыккан.

Ошондой эле, Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы коронавируска байланышкан чектөөлөрдөн улам Европа, Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жазгы учуулардын бир бөлүгүн токтоторун билдирген. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.

Анда компаниядан бул чектөөлөр 2021-жылдын 28-мартынан 30-апрелине чейин Кыргызстанга дагы тийиштүү болорун билдиришкен. Бул убакыт аралыгында Москвадан Бишкек жана Ошко учууга болбойт.