«Аэрофлот» Москвадан Бишкек жана Ошко каттамдарды бир айга токтотот

«Аэрофлоттун» басма сөз кызматы маалымдагандай, авиакомпания коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам Европа, Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга болгон жазгы каттамдардын бир бөлүгүн токтотот.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, 2021-жылдын 28-мартынан 30 апрелине чейин бул чектөөлөр Кыргызстанга дагы тийиштүү болот. Бул убакыт аралыгында Москвадан Бишкек жана Ошко учууга болбойт.

«Жогорудагы багыттар боюнча авиакомпаниянын сайтында же контакт-борборлордо жокко чыгарылган рейстер боюнча билеттерди сатып алган жүргүнчүлөргө билет үчүн акча каражаттарын кайтаруу төлөм формасына жана учурдагы эрежелерге ылайык автоматтык түрдө жүргүзүлөт. “Аэрофлоттун” сатуу кеңселеринде же агенттиктерде билет сатып алган жүргүнчүлөр акча кайтаруу маселелери боюнча сатып алган жерге кайрылышы керек», — деп билдиришти авиакомпаниядан.

Андан аркы каттамдар пандемиянын таралышынан жана авиа учуулар боло турган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары

Орусия чыгуучу жана гумжардамдан башка кыргызстандык учактар үчүн аба жолдорун бир жыл мурун, 2020-жылдын март айында эле жаап койгон. Туруктуу аба каттамдары 2020-жылдын 21-сентябрында гана «Аэрофлот» компаниясы тарабынан жандандырылган.

Орусияда жүз миңдеген кыргызстандык эмгектенет, алардын көбү эки өлкөнүн ортосунда учак менен каттайт. Мындан улам аба чек аралары ачылары менен билеттерге болгон муктаждык кескин өсүп кеткен. «Аэрофлоттун» кеңсесинин алдында узун кезектер жаралып, ал эми билеттер бир ай алдыга сатылып алына баштаган. Кийин Орусиянын «Урал аба жолдору» компаниясынын каттамдарды жандандырылган, бирок ал билеттерге болгон суроо-талапты камсыздай алган эмес.

Каттамдар азайгандан улам билеттин баасы учак каттаган шаарларга жараша бери дегенде эки эсе кымбаттаган. Республиканын жарандык авиация агенттиги баалардын өсүүсүнө эч кандай чара көрө албасын, ал Орусия тарап аба каттамдардын санын көбөйткөндө токторун билдирген.

Бирок баалардын өсүшү финполдун көңүлүн бурду. Авиакассалардын биринде билеттин баасы беш эсе кымбат сатылып жатканы аныкталып, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Финпол башка авиабилет сатуучулар тарабынан дагы бааларды жогорулатуу болбошун көзөмөлгө аларын билдирген.