Октябрь окуялары: Ниязов менен Сагымбаевдин баш коргоо чарасы эки айга узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Фарид Ниязовго жана жансакчысы Канат Сагымбаевге карата чыгарылган буга чейинки баш коргоо чараларын узартты.

Алардын адвокаты Замир Жоошев сот отурумуна Фарид Ниязов катышпаганын билдирди.

«Эки айга узартылды. Ниязовду №1 тергөө абагынан алып келишкен жок. Коронавируска байланыштуу чыкпайт дешти. Бирок бул жөн гана шылтоо. Себеби мурдагы күнү эле аны Кой-Таш окуясы боюнча сотко алып келишкен. Канат Сагымбаев да уюштуруучу катары шектелип жатат. Анын бөгөт чарасы каралып, үй камагы эки айга узартылды» — деди Жоошев.

Ниязовду камакта калтыруу, Сагымбаевди үй камагына чыгаруу чарасы 10-апрелге чейин узартылды. Экөө тең Бишкектин борбордук аянтындагы 9-октябрда өткөн башаламандыктарды уюштурууга айыпталып кармалышкан.

Адвокат Ниязов ошол күнү митингде болгон эмес деген жүйөө келтирүүдө. Мурдарак Жоошев Ниязов менен Сагымбаевден шек саноонун «негизи жоктугун» билдирген болчу.

«Массалык башаламандыктарды булар уюштурбаганын баарыбыз түшүнүп турабыз», — деген Жоошев.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин Бишкек шаарынын борбордук аянтында жыйынтыкка нааразы болгон жарандардын митинги башталган. Эртеси күнү кечинде демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышып, «Ак үй» басылып алынган.

Митингчилер колониядан айрым саясатчыларды бошотушкан, алардын ичинде учурда президент Садыр Жапаров дагы бар болчу. Ал 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алганы үчүн 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

6-октябрга караган түнү бошотулган саясатчылардын кээ бири 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев дагы бошотулгандардын арасында болгон. Митингде Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылышуу болгон, анын кесепетинен жети адам жабыркаган.

Эртеси күнү, тагыраагы 10-октябрда, массалык башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев жана анын тарапташтары кармалган.