Токмокто «Точка» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды

Чүй облусунун милициясы Токмок шаарында «Точка» каймана аты менен таанымал кримтөбөл А.Б. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Укук коргоо органдары алгач Токмоктун тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Милиция «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында уюшкан кылмыштуу топтун 45 жаштагы мүчөсүн кармады.

«Кароо учурунда анын жанынан номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу менен жана колго жасалган бычак алынган», — деп берилет ИИМдин маалыматында.

Шектүү кримчөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болгону айтылууда. Ошондой эле, ал буга чейин «Тоноо», «Уурдоо», «Опуза талап кылуу» жана «Баңгизатын мыйзамсыз сактоо» беренелери менен бир нече жолу соттолгон.

Учурда кримтөбөл Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.