Азиз Алымкулов Бишкектин вице-мэрлик кызматынан бошотулду

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине Азиз Алымкулов вице-мэрлик кызматтан бошотулганын кабарлады.

Мэриядан Алымкулов башка жумушка өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын кошумчалап, бирок кайсыл кызматка которулганын тактап айтып беришкен жок.

Бишкек шаардык кеңешинин 8-февралда өткөн жыйыны учурунда мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев Алымкуловдун кызмат ордуна башка талапкер каралып жатканын билдирди.

Мурдараак, 1-февралда Түлөбаев вице-мэрлер Алымкулов менен Азамат Сагындык уулуна мэрдин м.а. тапшырмаларын аткарбаганы үчүн эскертүү берген.

Сагындык уулу жана транспорт боюнча вице-мэр Азиз Алымкуловго «Бугу-Эне Багыш» конушуна жаңы каттам линиясын киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган, бирок ал аткарылган эмес.

Азиз Алымкулов 2019-жылдын февраль айында вице-мэр болуп дайындалган. Ал 2014-2018-жылдары УКМКда иштеген, андан кийин борбор калаа мэриясынын Жер ресурстарын башкаруу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.