Мэрия: Тапшырманы аткарбаган эки вице-мэрге эскертүү берилди

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 1-февралда эки вице-мэрге эскертүү берди. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаанын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 26-январга чейин 1999-жылдан кийин курулган жеке турак жай имараттарын легалдаштыруу маселесин укуктук жөнгө салуу боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилген.

Ошондой эле, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын календардык (этап этабы менен) пландарын иштеп чыгуу жана сунуш кылуу жана Башкы планга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан бир катар процедураларды ишке ашыруу тапшырылган.

Мындан тышкары, Сагындык уулуна «Бугу-Эне Багыш» конушунун жашоочуларынын үйлөрүн электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу тапшырылган. Бирок, вице-мэр «маалыматты белгиленген тартипте берген эмес».

Ага жана транспорт боюнча вице-мэр Азиз Алымкуловго «Бугу-Эне Багыш» конушуна жаңы каттам линиясын киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган, бирок ал аткарылган эмес.

«Буга байланыштуу, мэрдин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү иретинде тартиптик жаза чарасын колдонду», — деп кабарлашты мэриянын маалымат кызматынан.

Азиз Алымкулов деген ким?

Азиз Алымкулов 2019-жылдын февраль айынан тартып вице-мэр болуп иштеп келет. Ал 5-6-октябрь окуяларынын учурунда элди талап-тоноо максатында чыккандарды «болушунча жазалаш керек» деген билдирүүсүнөн улам белгилүү.

Азамат Сагындык уулу деген ким?

Азамат Сагындык уулу бул кызматка 2020-жылдын декабрь айында, буга чейинки вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин ордуна дайындалган. Буга чейин Сагындык уулу Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгын жетектеген.