Кытай «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө жайында үч кампанын курулушун аяктады — ТИМ

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кытай 2-февралда «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө жайында (КӨЖ) кошумча үч ангар-кампанын курулушун аяктаганын билдирди.

Бул туурасында Кытайдын элчиси Ду Девень менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 5-февралдагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Ду Девеньдин айтымында, ангарлар аталган КӨЖдөн өткөн унаалардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Казакбаев белгилегендей, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарындагы ишти мүмкүн болушунча эртерээк оптималдаштыруу үчүн тараптардын жигердүү аракети Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы «өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн маанилүү өбөлгөсү болуп саналат».

Буга чейин кытай тарап «Эркечтам» КӨЖүндө эки кампа куруп, контейнерлер үчүн кран орнотуп берүүнү чечкени айтылган. Бул чечим тууралуу Ду Девень 2-декабрда премьер-министрдин м.а. Артём Новиков менен жолугушканда билдирген.

Анда элчи кытай тарап Кыргызстандын бир нече жолку кайрылууларынан улам «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө жайларынын өткөрмө жөндөмүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелерди өткөргөнүн белгилеген.

Жыйынтыгында Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө жайларынын иш убактысын 8ден 12 саатка көбөйтүп, ошондой эле аларды дем алышсыз, күн сайын иштөө режимине өткөрүүгө макул болгон.

Кыргыз-кытай чек арасындагы көйгөйлөр

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттери коронавирус дартынын жайылуу коркунучуна байланыштуу 23-январда жабылган. Анда Кыргызстан бардык аба жана унаа каттамдарын токтоткон болчу.

«Эркечтам» пункту Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жарым-жартылай жандандырган. Ал эми «Торугарт» пункту 8-июндан баштап иштеп баштайт деп Кыргызстандын ТИМи билдирген эле, бирок Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенине байланыштуу аталган пункт жабылып калган.ТИМдин маалыматы боюнча «Торугарт» өткөрмө пункту 8-сентябрдан тартып ишин баштаган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөр киргизилген.

Өлкөдөгу эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин республиканын ишкерлери Кытайдан кирген товарларды өткөрүү маселесин чечип берүү талабын айтып чыгышкан.

Кыргызстандын базарлар ассоциациясы өлкөнүн ишкерлери, айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн баштап сатуучуларга чейин ири чыгым тартып жатышканын, анткени товар ташыган фуралар чек арада топтолуп, аларды абдан жай өткөрүп жатышканын билдирген.

Ал эми «Дордой» базарынын ишкерлери 2-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийликтен Кытайдан келчү товарларды өткөрүүгө байланыштуу маселени чечүүсүн талап кылышкан. Алар мындан улам банкрот болуунун алдында турушканын айтышкан.