Кыргызстан менен Кытай 8-июндан тарта «Торугарт» аркылуу жүк ташууларды жандантат

Кыргызстан менен Кытай 8-июндан тарта «Торугарт» көзөмөл өткөрмө жайынын ишин жандантуу боюнча макулдашышты.

Анткен менен көзөмөл өткөрмө жайы (КӨЖ) Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуу үчүн гана иштетилет. Бул тууралуу кыргыз ТИМи билдирди.

«Торугарт» КӨЖүнүн иши боюнча кошумча маселелерди өлкөлөр жакын арада макулдашышат.

Кыргызстан Кытай менен чек арасын 23-январда коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам жапкан.

Анда Кыргызстан аба жана автоунаалык каттамдарды толугу менен токтоткон болчу.