ЖМК: Балбак Түлөбаев кызматынан кетти, ордуна аялга кол көтөргөн ишкер келди

Эрмек Нургазиев, Балбак Түлөбаев

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматынан кетти. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жеке булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Түлөбаевдин ордуна «Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон ишкер Эрмек Нургазиев келди. Басылма Нургазиев мэриянын жамаатына 9-февралда тааныштырыларын белгиледи.

«Жеке булактын маалыматы боюнча Балбак Түлөбаевге президенттин иш башкармалыгын жетектөө сунушталган», — деп жазды Kaktus.media.

8-февраль күнү Бишкек мэриясынын алдында Түлөбаевдин отставкасын талап кылган митинг болгон. Түлөбаев дем алыш күнү болгон рейд учурунда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундарын жерди басып алууга айыптаган. Бирок тургундар аларга жер үлүш катары берилгенин айтып, Түлөбаевдин кечирим суроосун талап кылган. Айрымдары Түлөбаев кимдир бирөөнүн заказын аткарып жатат деп күнөөлөшкөн.

Түлөбаевге 4-февралда Бишкек мэринин милдетин аткарып жатканына 100 күн болгон. Ал эми 8-февраль күнү ал жасалган иштер боюнча отчёт берген.

Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп 2020-жылы 27-октябрда дайындалган. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Өкмөттүн өкүлү болгонго чейин 2018-жылдан баштап Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп эмгектенген.

Түлөбаев мэрияга келгенге чейин «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директору болгон. Ошол эле маалда «АЮ Холдинг» көп тармактуу компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти болгон.

Ал Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун ветеринар факультетин аяктаган. Андан сырткары Түркиянын Стамбул университетинин токой-чарба факультетинен токой-чарбасы инженери адистиги боюнча билим алган. Ошондой эле, Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан менеджмент багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Кош бойлуу адвокатка кол көтөргөн Нургазиев

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо Эрмек Нургазиев «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Шайлоонун эртеси күнү мөөнөтсүз митинг башталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондой эле бийлик алмашкан.

Нургазиев «ЭММА Строй» курулуш компаниясынын ээси. Буга чейин ал алдамчылыкка жана аялды сабоого айыпталган. Атап айтканда 2019-жылы ал адвокат Ольга Новохатскаяны көптөгөн күбөлөрдүн көзүнчө бетке чаап жиберген. Новохатская бизнесмен кол көтөргөн учурда кош бойлуу болгонун жана андан улам боюнан түшүп калганын, бирок укук коргоо органдары Нургазиевди жоопкерчиликке тартышпаганын айткан.

2020-жылы Новохатская Нургазиев парламенттин депутаттыгына талапкер болуп жатканын угуп, анын кол көтөргөнү тууралуу коомчулукка ачык айтып берүүнү чечкен. Нургазиев кол көтөргөнүн танган эмес, себеп дегенде чаап жиберген учурдун видеосу соцтармактарга тарап кеткен. Бирок ал «чагымга жооп кайтарып рефлекс менен чаап алганын», ал эми аял бул тууралуу «антипиар жасоо» үчүн айтып чыгып жатканын билдирген. Ошондой эле, ал журналисттерге Новохатскаяны алдамчы деп атап, шайлоодон кийин ага чара көрөрүн кошумчалаган.