Аткаминерлердин зыянды төлөп бергени жоопкерчиликтен кутулду дегенге жатпайт — Башкы прокуратура

Коррупционерлердин мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берүүсү аларды мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен бошотпойт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн эфиринде билдирди.

Анын айтымында, айыпталгандар тергөө учурунда абакта жатпаш үчүн тергөө менен кызматташууга барып, келтирген чыгымдын ордун толтуруп берип жатышат.

«Ал жоопкерчиликтен кутулду деген сөз эмес. Ал тергөө убагында камакта отурбайм деген түшүнүктү гана берет, ал сот алдында жооп берет. Ал эми Матраимов боюнча, кылмыш иши азыр соттун кароосунда. Экономикалык кылмыш иштерде мамлекетке өндүрүү жагын биринчи кезекке коюшубуз керек. Мына мисалы ЖЭБ иши боюнча, канчалаган адамдар камакта, аларды 3-4 жылдан берип багып жатпайбызбы, бир тыйын төлөшпөйт», — деди башкы прокурор.

Матраимов — бул жерде бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, өлкөдөн 700 млн АКШ доллары мыйзамсыз чыгарылып кеткен аткезчилик жана коррупция тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты Райымбек Матраимов тууралуу сөз болуп жатат. АКШ Райымбек Матраимовду жана анын жубайын коррупцияга аралашкандыгы үчүн санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизген. Матраимов октябрда кармалган — тергөө аны бажы тармагында коррупциялык схема түзгөн деп шектеп жатат. Ал кармалган күнү эле үй камагына чыгарылган. Ал эми ошол учурда премьер-министрлик кызматта турган Садыр Жапаров аткаминерди камакка алуу менен маселе чечилбейт деп айткан. Матраимов мамлекетке келтирген 2 млрд сомдук зыяндын ордун төлөп берүү шарты менен эрдикте калган.

«Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет. Бирок бир тыйын келбейт. Анткени, ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинасин, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да», — деп түшүндүргөн Жапаров.

Андан соң Жапаров экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал коррупционерлерге жана мыйзам бузган аткаминерлерге, ишкерлерге кайрылып, мамлекеттен уурдагандарын өз эрки менен кайтарып бергендер жазанын бардык түрүнөн бошотулат жана купуялуулук сакталат деп убадалаган. Мунапыс 21-октябрда башталып, 30 күнгө созулмак.

Матраимов декабрдын аягында убадалаган 2 млрд сомду кайтарып берген. Ал сумманын көбүн — 1,4 млрд сомду Каржы министрлигинин атайын эсебине которуп, калган бөлүгүн соода борбору жана тогуз турак үй менен берген.

Январь айында президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов экономикалык мунапыс тууралуу мыйзамга кол койгон. Парламент депутаттары тиешелүү мыйзамды 23-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Анда Дастан Бекешев, Айсулуу Мамашева жана Наталья Никитенко гана мыйзамга каршы добуш берген. Мыйзам Садыр Жапаровдун 21-октябрдан 21-ноябрга чейин улануучу экономикалык мунапысын бышыктаган жана кеңейткен.

Дагы окуңуз: Жапаровдун «экономикалык мунапысы» мыйзамга каршы келеби? Ошондо Матраимов камалбайбы?