«Иликтөөнү чыгарбагыла». Ошто ТMG телеканалынын журналистине коркутуу болду

Телеканалдын кеңсесинин алдына чогулган тургундар. Сүрөт: Т-Медиа

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 20дай тургуну 9-февралда ТMG телеканалынын кеңсесине бастырып кирүүгө аракет жасады. Алар журналисттерди туура эмес маалымат таратууга айыптап, жер сатуу боюнча жасалган иликтөөнү чыгарбоону талап кылышкан.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Ажибай Пайзидин уулу «Клоопко» билдиргендей, «чогулган тургундар ызы-чуу салышып, телеканалдын башка кызматкерлеринен Пайзидин уулун сыртка чыгарууну талап кылышкан».

Качан гана телеканалдын кызматкерлери милиция чакырышаарын айтканда, чогулгандар тарап кетишкен. Ажибай уулу бүгүн, 10-февралда, Ош ШИИБине арыз жазаарын айтты.

«Чогулгандар эшиктерди тепкилеп, уруксатсыз кирүүгө аракет жасашты. Алар мага келишкен. Азыр эле ушул боюнча милицияга арыз жазганы баратам [...] Иликтөө даярдалып жатканда да жергиликтүү кеңештин депутаты тарабынан басым, коркутуулар болгон», — деди ал.

ТMGнын журналисттери Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз сатылган 30 гектардан ашык айыл чарба багытында гана колдонулуучу жерлер тууралуу иликтөө даярдашкан. Ал обого 9-февралда кечке маал чыкты.

Иликтөөдө айыл өкмөт башчы, кызматкерлер жана жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары фигурант болушкан. Ошондой эле жергиликтүү тургундар алардын жерлери уруксатсыз сатылып кеткенине, ал эми айыл өкмөт буга чара көрбөгөнүнө даттанышкан.

«Барып кайрылсак, айыл өкмөт башчы да, жер адиси да “өзүңдүн жериң, өзүң барып коруп ал” деп айтышат», — деген тургундардын бири Замира Султанова.

Ал эми айыл өкмөттөгү Падаван айылынын башчысы Улукбек Султанов иликтөөдө жер сатуу боюнча «айыптарды моюнуна алып, буга айыл өкмөттүн өзүнүн да тиешеси болгонун» тастыктаган. Ошондой эле «иликтөөнү чыгарбоо үчүн журналисттерге каалаган суммадагы акча да сунуштаган».

«Эми адашпаган адам жок. Мен акмын, бул кара дебеймин. Өкмөт да бар, биз да бар. Мына айылдын шермендечилиги болуп жатат», — деген Султанов.

Айыл өкмөт башчы өзү мыйзамсыз жер сатуу болгонун тастыктап, бирок бул ал кызматка келгенге чейин болгонун айткан. Анткен менен иликтөөдө ал кызматка келгенине бир жыл болгон соң мыйзамыз курулуштар биринин артынан бири курула баштаганы айтылат.

Телеканал аталган иликтөөдөгү жагдайлар боюнча тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүүнү суранып облустук прокуратурага кайрылды.