«Манас» аэропортуна Сыдыковдун ордуна Шаршеев жетекчи болуп келди

Бактыбек Сыдыков, Бакыт Шаршеев

«Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков кызматтан алынды. Анын ордуна Бакыт Шаршеев дайындалган. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн директорлор кеңеши өткөргөн жыйында Бакытбек Сыдыковдун башкы башкармалыктын төрагасынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана анын ордуна Бакыт Шаршебаевди дайындоо чечими кабыл алынды», — деп жазылат «Манас» аэропортунун маалыматында.

Мындан тышкары башкармалыктын мүчөсү Абдималик Бусурманкуловдун да ыйгарым укуктары токтотулуп, ордуна Жолдошбек Токторбаев дайындалган.

Аэропорттун жетекчисин ишкананын директорлор кеңеши дайындайт. Жаңы дайындалган Бакыт Шаршеев 2013-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ал эми экс-депутат Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган. Ошол кезде анын бул кызматка келишине каршы нааразылык акциялары өткөн.

Сыдыков 2007-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манаста» директорлук кызматты аркалаган. Ал 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген.