Жапаров өлкөдө «Граф» атыккан маркум миллиардердин уулу менен жолукту

Президент Жапаров коронавирустан көз жумган миллиардер Алижан Ибрагимовдун уулу Шухрат Ибрагимов менен жолукту. Бул маалыматты өлкө башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктады.

Байтеректин айтымында, Шухрат Ибрагимовду инвестор катары көрүп жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да болгон.

«Президент инвестиция тартуу максатында үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турат. Бүгүн Казакстандан келген инвестор Шухрат Ибрагимов менен жолугушуу болду. Аны менен кошо Өмүрбек Бабанов дагы келди. Бул таанышуу жолугушуусу болду, ал жерде иштин перспективалары талкууланды», — деп түшүндүрдү Галина Байтерек.

Алижан Ибрагимов деген ким?

Ибрагимов 1953-жылы Өзбек ССРинин Фергана облусунда төрөлгөн. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү Токмок шаарына көчүп келген. Бирок туулгандан тартып Токмок шаарында жашаган.

Ал Eurasian Resources Group (ERG) компаниялар тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири. ERG табият ресурстарын казуу жана иштетүү багытында иштейт жана төрт континенттин 14 мамлекетинде өндүрүш долбоорлору бар. Маркум компанияны түптөгөндөрдүн бири болгон жана компаниялар тобунун 20% акциясына ээлик кылган.

Forbes.kz басылмасынын маалыматына караганда, Ибрагимов 2020-жылы топ-5 эң бай казак бизнесмендеринин тизмесине кирген. «Forbes» басылмасы Ибрагимовдун байлыгы 2020-жылдын октябрына карата 900 млн доллар түзөөрүн жазган.

Анткени менен, евразия мейкиндигинин сыртында Ибрагимов жана анын өнөктөштөрү бир катар иликтөөлөр менен чуулгандуу жаңжалдардын фигуранттары болушкан. «Важные истории» жана OCCRP басылмасынын иликтөөсүнө караганда, Алижан Ибрагимов жана анын өнөктөштөрү Патох Шодиев жана Александр Машкевич коррупцияга жана өздөрүнө тиешелүү авиташуу менен алектенген компаниялардын биринин жардамы менен акчанын изин жашырууга айыпталышкан. Булардын авибизнесинин дагы бир бутагы Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозинин катышуусундагы коррупциялык чууда «аты аталган».

Мындан тышкары, Financial Timesтын маалыматына караганда, ФБР ERGнин Түштүк Африкасында иштеп жүрүп каза тапкан топ-менежерлеринин өлүмүнө кызыккан. Алардын өлүмүнө чейин аларга Улуу Британиянын өкмөтүнө караштуу Өзгөчө ири өлчөмдөгү каржылык алдамчылыктарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын өкүлдөрү байланышкан, ага ылайык, менежерлер Африкада алдамчылык, пара алуу жана коррупция иштери боюнча күбө болушкан ыктымал.

Кыргызстанда жана Казакстанда маркумдун мыйзам бузууларга байланыштуу расмий жаңжалдары болгон эмес. Бирок Ибрагимовдун, Шодиевдин жана Машкевичтин фамилиялары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин фамилиясына байланышкан иштерде кыйыр түрдө айтылган болчу. Атамбаев борбор калаадагы ЖЭБди көмүр менен камсыздаган «Прогресс Компани» ЖЧК жана «Рассвет Компани» ЖЧК компаниялары менен байланыштуу делип айыпталган. Эки компаниянын тең көмүр ташып келүүлөрү ERG тобуна кирген «Шубарколь комир» акционердик коомунун көмүр кенинен болуп турган.