Баткендин прокурору өкмөттүк аппараттын коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Баткен облусунун башкы прокурору Абдибакыт Халмурзаев өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«АКИпресстин» маалыматына ылайык, ал бул кызматка 11-февралда эле дайындалган.

Ага чейинки Азамат Араев учурда радиожыштыктарын сатуу иши боюнча камакта.

Абдибакыт Халмурзаев деген ким?

Абдибакыт Халмурзаев — абдан эле белгилүү фигура. Бакиевдин убагында ал көзөмөл органдарында ар кандай жогорку кызматтарды аркалаган, ал эми 2010-жылы башкы прокурордун орун басары болгон. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Ысык-Көл облусунун прокуратурасын башкарган.

2011-жылы парламентте «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы тууралуу маселени көтөрүшкөн. Анда Келдибеков 2011-жылды Ысык-Көлдүн «Каприз» пансионатында Көлбаев менен тоскону белгилүү болгон. Бул окуяда Халмурзаевдин дагы ысымы аталган. Ал убакта Халмурзаев прокурор болуп турган, ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал «кабыл алуучу тараптын» ролун аткарган.

2012-жылы депутаттардын басыма менен Халмурзаев отставкага кеткен. Бирок 2014-жылы ал кайрадан Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын прокурору болуп дайындалган, ал эми 2017-жылы калаа прокуратурасынын башчысы болуп бекиген.

2018-жылы августта ага кызматка толук жарабасы угузулуп, ошол эле жылдын октябрында калаа прокуратурасынын башчылыгынан кеткен.

Ал эми 2019-жылы Халмурзаев Баткен облусунун башкы прокурору болуп дайындалган. Ага чейин анын иниси Абиш Халмурзаев бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган. Бирок Абиш Халмурзаев 2019-жылы апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан кезектеги жаңжалдын шартында отставкага кеткен.