Радиожыштыктардын сатылышы боюнча өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары кармалды

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 15-декабрда өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын орун басары Азамат Араевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал радиожыштыктарды сатуу тууралуу иш боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Радиожыштыктарды сатуу

2020-жылдын 22-майында Башкы прокуратура Аскер прокуратурасы менен УКМКнын тергөө тобу тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин (МБА) эки жана УКМКнын эки кызматкери кармалганын маалымдаган.

Алар 12-майда УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген МБАнын экс-директору Наталья Черногубованын иши боюнча тергөө жүргүзүүнүн алкагында кармалган. Ал радио жыштыктарын сатууда уюлдук байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алган деп айыпталууда. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш 2020-жылдын 7-апрелинде «Коррупция» фактысы боюнча башталган. Ал тергөө менен кызматташкандыктан 4-декабрда баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары, «Ала ТВ» компаниясынын директорунун орун басары Артур Халдаров да кармалган. Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, «Ала-ТВ» компаниясы 1998-жылы жыштыктарды алып, кийин аларды Beeline компаниясына сатып жиберген.

Депутат Ирина Карамушкина УКМКнын ишин сынга алып, «Ala-TVнын радио жыштыгын сатуу иши боюнча органдар өздөрү белчесинен коррупцияга баткан» жана «силердин төрага баштаган [ошол кездеги УКМК төрагасы, 5-6-октябрдагы саясий кризистен кийин дайынсыз жоголуп, ИИМ тарабынан издөөгө алынган Орозбек Опумбаев] бир нече кызматкериңер бул коррупциялык схеманы көзөмөлдөп турган» деп билдирген. Бирок кийин тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген учурда УКМКнын төрагасы Карамушкинанын айыптоолоруна жооп кайтарган эмес.

Көп өтпөй бул кылмыш ишине ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Абылгазиев чырдын шарты менен өргүү алып, андан соң отставкага кеткен. Бирок бул ишке Абылгазиев тиешесинин бар жогу тууралуу расмий айтылган эмес.