Матраимов менен кошо соттолгон эки бажычыга 260 миң сомдон айып салынып бошотулду

Райымбек Матраимов соттук отурумда

Бишкектин Биринчи май райондук соту Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчилери Нурлан Раджабалиев жана Абдыбахаб Боронбаевди «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот экс-бажычыларга 260 миң сомдон айып салды.

Раджабалиевдин ишин судья Мирлан Термечиков 27-январда караган, ал эми Боронбаевге өкүмдү судья Таалай Турсунбеков 5-февралда чыгарды.

Соттун өкүмүнө ылайык, Боронбаев жана Раджабалиев 2015-2017-жылдары бажыдагы жетекчилик кызматтарды ээлеп, Райымбек Матраимов менен коррупциялык схемаларды түзгөн.

*Матраимов бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгын 2015-2017-жылдары аркалаган. Ага чейин Матраимов Түштүк бажыны жетектеген.

Сот өкүмүндөгү маалыматка ылайык, эки мурдагы бажычы тең тергөө учурунда күнөөнү моюндап, кызматташууга макул болушкан. Ошондой эле, айыпталуучулар Райымбек Матраимовго каршы көрсөтмө берип, Боронбаев мамлекетке келтирген 8 млн сом, ал эми Раджабалиев 12 млн сомдук зыянды төлөп беришкен.

Боронбаевдин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Матраимов Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажы бекеттеринен Кытайдан келген транзиттик жүктөрдү Өзбекстан жана Тажикстанга «жолтоосуз» өткөрүү үчүн пара алып жүргөн.

Тергөөдө жүктүн түрүнө жараша пара алынып турганы аныкталган. Мисалы: мөмө-жемиш ташыган унаага 100дөн 300 АКШ долларына чейин, жабдууларга 200дөн 500 АКШ долларга чейин, калк керектөөчү товарларга 1000ден 1800 АКШ долларга чейин. Орто эсеп менен бир унаадан 500-1000 АКШ доллар өлчөмүндө акча бажычылардын чөнтөгүнө кеткен.

Буга чейин УКМК бул коррупциялык схемадан Райымбек Матраимов 2 млрд сомдон ашуун пайда көргөнүн аныктаган. Кийинчерээк Матраимов бул зыянды ордуна келтирип, ал тергөө менен кызматташканы айтылып мамлекеттик айыптоочу экс-бажычыга 260 миң сом айып салууну суранган. Президент Садыр Жапаров өлкө башчысынын милдетин аткарып турганда дайындаган судья Гүлзат Дыйканбаева прокурордун өтүнүчүн канааттандырган.

Ошондой эле сот Матраимовдун кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

*Жазык кодексине ылайык, эгерде Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болбогондо ал кеминде 10 жылга эркинен ажырамак.

Тергөөдө Матраимов да Нурлан Раджабалиев менен Абдыбахаб Боронбаевге каршы көрсөтмө берген.

Бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча катар иликтөөлөрдүн фигуранды Райымбек Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан. Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын маалымдаган.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.