УКМК чет өлкөдө Матраимовдун мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирди

УКМК мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун чет өлкөдөгү мүлктөрү табылса сотко чейинки өндүрүш улантылат деп ишендирди. Атайын кызматтан Матраимовдун мүлктөрүн аныктоо боюнча өтүнүч Түркия, Дубай, Украина жана Орусияга жиберилгенин билдиришти.

11-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табып, ага 260 миң сом айып пул салып сот залынан бошоткон. Ошондой эле сот Матраимовдун кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Экс-бажычыга карата мындай жаза берүүнү мамлекеттик айыптоочу суранган. Буга Матраимовдун тергөө менен кызматташууга макул болгондугу жана казынага 2 млрд сом кайтарганы себеп болду. Ал эми соттук отурумда Матраимов ага коюлган айыптоолорду толугу менен мойнуна алган.

Мындан сырткары ал Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажысынын башчылары Нурлан Раджабалиев менен Абдыбахаб Боронбаевге каршы көрсөтмө берген.

*«Factcheck.kg» басылмасы Матраимовдун ишин тергеген прокурор Ороз Бердибаевдин бир тууганы Алмаз Бердибаев Түштүк-Батыш бажысында мурда иштегенин аныктады. Учурда Алмаз Бердибаев «Бишкек» бажы каттоо борборунун кызматкери. Мындан сырткары прокурор Бердибаев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров менен тааныш экени белгилүү болгон. Аталган партияны парламенттик шайлоодо Райымбек Матраимов каржылаганы айтылып келет. Матраимов өзү Түштүк бажысын 2013-2015-жылдары башкарган.

УКМКдан учурда Кыргызстандан 700 миллион АКШ долларынын чыгарылышына байланыштуу иликтөө иши улантылып жатканын белгилешти. Буга чейин журналисттер бул каражаттарга кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болгонун ачыктаган.

Ошондой эле атайын кызмат буга чейин журналисттер жазган Матраимовго тийиштүү чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлктөр боюнча маалыматтар изилдене турганын кошумчалады.

«Белгилей кетүүчү нерсе, анын мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Райымбек Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет», — дешти УКМКдан.

Райымбек Матраимовго чыккан өкүмгө нааразы болгон жүздөгөн кишилер 14-февралда «Адилеттүүлүк үчүн» аталыштагы тынчтык жөө жүрүшкө чыгышты. Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан. 

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын маалымдаган.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

«Лондон, Адил аркылуу Раимге». 5,6 миллион британ фунтунун табышмагы

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдордун «Карвендеги» коттеджи

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы