Али Токтакунов: «Саймаити Алиге акча берген имиш» деген видеону жарыялоого Жапаров буйрук берди

«7-канал» телеканалы 15-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы экс-элчиси Эркин Сопоковдун сурагы тартылган 2 мүнөттүк видеону соцтармактарына жарыялады.

Ошондой эле аталган тасмага негизделген сюжет телеканалдан да көрсөтүлгөн.

Видеодо Сопоков Айэркен Саймаити иликтөөчү-журналист Али Токтакуновго 50 миң доллар төлөп берген деп айтат. Бул видео УКМК жүргүзгөн сурак маалында тартылган.

2020-жылдын июнь айынын башында УКМК Сопоковдун жана дагы бир күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып, Саймаити Али Токтакуновго даярдаган материалы үчүн 100 миң доллар төлөп берген деп билдирген. Бирок УКМКда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тастыктоочу эч бир далили болгон эмес.

Сопоковдун версиясы боюнча, акча Токтакуновго «Хабибулла Абдукадырдан ЖМКлар аркылуу карызын өндүрүп алуу үчүн» берилген.

*Али Токтакунов Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө жасаган. Саймаити Токтакуновдун маалыматчысы болгон, анткени ал акчаларды адалдоо менен алектенген. Саймаити журналистке аталган каражаттын өлкөдөн чыгарылып кетишине бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин далилдеген документтерди берген.

Эркин Сопоков — Айэркен Саймаити Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн убакта Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болгон. Саймаити атып өлтүрүлгөн отелдин кафесинин жанында Сопоковдун унаасы табылган болчу.

Кыргыз дипломатиялык миссиясы башында бул алардын автоунаасы экенин четке кагып, андан кийин гана мойнуна алышкан. Бирок Сопоков автоунаасы кантип Саймаити өлтүрүлгөн жерге жакын турганын түшүнбөй тураарын билдирген. Кийинчерээк «Үмүт 2020» кыймылынын активисттери Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен. Саймаити менен дагы башка кыргыз аткаминерлеринин жана саясатчыларынын байланышы бар экени белгилүү болгон.

Саймаитинин өлүмүнөн кийин Сопоков кызматтан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ал тергөө менен кызматташууга барып, 2020-жылдын 24-июлунда 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилип, эркиндикке чыккан.

Али Токтакунов эмне дейт?

Иликтөөчү-журналист өзү акча алганы тууралуу маалыматты төгүндөп, Сопоковдун айткандарында «бир грамм да чындык жок» экенин айтты. Ал президент Садыр Жапаровго өткөн аптанын жекшембисиндеги тынчтык жүрүшүндө «Элди же Райымды тандаңыз» деген талап коюлуп, президент көп күттүрбөй эле жооп берип, ким тарапта экенин көрсөтүп койгонун дагы кошумчалады.

«Кечээ КТРК антикоррупциялык жүрүштү дискредитациялаган сюжет чыгарган. Бүгүн бийликчил 7-канал интернет барактары аркылуу Сооронбай Жээнбековдун тушунда уюштурулуп, Жогорку Кеңеш аркылуу таратылган провокацияны алып чыкты. Ал "Саймаити Алиге акча берген имиш" деген каралоо. Калпы кашкайып, 1 грамм далили жок үчүн убагында ага эл түк ишенген эмес. Күнөөсүздүк презумпциясын бузганы үчүн УКМК, Жогорку Кеңеш сынга жана шылдыңга кабылган.

Эмне үчүн камактагы Сопоковдон мага каршы жалган көрсөтмө алышкан? Анткени ошондогу бийлик ууру-кландын башкы жактоочусу эле. Бүгүн Матраимовдун "адвокаты" алмашыптыр көрсө», — деп жазды ал фейсбук барагына.

Иликтөөчү-журналист аталган видеону кайрадан жарыялоого Садыр Жапаров «буйрук берди» деп эсептейт.

«Себеби, бул атайын кызмат тарабынан тартылган, тергөөнүн видеосу. А бүтө элек тергөөнүн материалдары буйрук болбосо сыртка чыкпайт. Бул эмнеден кабар берет? Ууру клан менен жашынмак ойноп, коррупционер “Райымды камайм” деген убадасынан тайып кеткени үчүн Жапаровдун рейтинги кескин түштү», — деп белгилейт Токтакунов.

Ошондой эле, журналист анын артынан аңдуу уюштурулуп, жолугушуулары сүрөткө тартылып жатканын билдирди. Андан тышкары, Садыр Жапаровду колдоп келген фейк аккаунттар менен соцтармактардагы боттор ага карата каралоосун ашкере күчөткөнүн белгилейт.

«Жапаров октябрда "Алиге рахмат айтыш керек, журналисттер ачкан бир дагы коррупциялык иштер кароосуз калбайт" деген эле. Бул убадасы да сөз бойдон калууда. Чек ара маселесин чечүү, бааларды ооздуктоо, коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенүүнүн ордуна Садыр Жапаровдун бийлиги иликтөөчү журналисттерге эрегишүүдө. Буга чейинки бийлик учурундагыдай эле мага куугунтук башталды. Менин жана үй-бүлөмдүн коопсуздугуна коркунуч бар экенин четке какпайм. Бирок, антикоррупциялык иликтөөлөр токтобойт!» — деп билдирди Токтакунов.

*Буга чейин бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сот коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, болгону 260 миң сом айып салган. Ошондой эле анын мүлкү жана банктагы эсептери камактан алынган.

14-февралда Бишкекте 500дөн ашуун кыргызстандык «Акыйкаттык үчүн» тынчтык маршына чыккан. Алар Райымбек Матраимовго карата чыгарылган өкүмгө нааразы болушкан. Ал күнү маршка катышкандар президентке кайрылып, бажы башчысынын экс орун басары Райымбек Матраимовду камайм деген убадасын эскертишкен.

КТРК дагы тынчтык маршын чагылдырган, ага тиешелүү «Ала-Тоо 24» каналынын YouTube барагына коомдук абалды «олку-солку» кылып жаткан митингдерге арналган үч видео бир мезгилде жарыяланган.

Бир сюжетте шаар тургундары аянтта чогулгандар тек гана ыйык Валентин күнүн майрамдоого чогулгандар деп айтып беришкен. Ал эми жалпы эки саатка созулган эки программада алып баруучу Расул Багышбаев көрсөтүүнүн меймандары менен «бийликти басып алуу аракетинин артында кимдер турушу мүмкүн экенин» жана тынчтык чогулуштарына тыюу салуунун «зарылчылыгын» талкуулаган.

«7 канал» кимдики?

«7 каналды» 2010-жылы Жалал-Абадда УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген. ЖМКлардын маалыматына ылайык, Ташиев 2012-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталгандан кийин телеканалды Икрам Илмияновдун тегерегиндеги адамдарга саткан.

Илмиянов Алмазбек Атамбаевдин экс-айдоочусу, жакын үзөңгүлөшү жана кеңешчиси болгон. Депутат Жанар Акаев Атамбаевдин тушунда парламентти Илмиянов «тескеген» деп айткан.

«7 канал» «Апрель» телеканалы сыяктуу эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов жетектеген «Апрель» фондуна таандык. 2019-жылы «7 каналдын» мүлкү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишинин алкагында камакка коюлган, анын ичинде «Апрель» телеканалынын жана «Медиафорум» акционердик коомунун дагы мүлктөрү бар.

2020-жылдын 8-январында «Апрель» «7-каналды» каналдын мурдагы ээси Майрамкүл Мамбеталиева баштаган рейдерлик топ басып алуга аракет кылып жатканын жарыялаган. Мамбеталиева сатып-алуу-сатуу келишимдеги анын колу жараксыз экенин, каналдын сатылганы тууралуу кабары жок экенин билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «7 каналдын» негиздөөчүсү болуп Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев эсептелет. Телекандын директору Залкар Анарбаев.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров көпчүлүк кайрылууларын дал ушул «7-канал» аркылуу жарыялап келген. Ошондой эле президенттик шайлоодо Жапаров үгүт материалдарынын дээрлик көпчүлүгүн дал ушул канал аркылуу чыгарган. Ал эми президенттин инаугурациясында «7-каналдын» жетекчиси уюштуруу тобуна кирген. 

Дагы окуңуз:

УКМК Саймаити Али Токтакуновго 100 миң $ төлөгөн деп билдирди. Бирок атайын кызматта акча берилгенин тастыктаган документтер жок

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы

Депутаттык комиссия: 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылышына Матраимовдордун тиешеси жок