Депутат Иса Өмүркулов 17-февралдагы Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо маалында жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу ченемин киргизүү керек деп билдирди.
Өмүркулов эмне үчүн мындай ченем долбоорго кошулбаганына кызыкты. Конституциялык кеңешменин юристтери мындай беренени долбоорго кошсо болбойт деп жооп беришти. Анткени, Кыргызстан эл аралык пактыларга кол койгон — аларга ылайык, ар-намыс жана кадыр-баркка доо кетирген маалымат таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга тыюу салынган.
«Бул кепилдиктер эл аралык стандарттардан алынды, Адам укуктары боюнча жалпы декларация гана эмес, бул дүйнөлүк стандарттар. Кыргызстан бул пактыларды ратификациялаган, биз бул ченемдерди киргизе албайбыз», — деп түшүндүрүштү юристтер.
Ага Өмүркулов мындай жооп берди: «Эгер биздин коом эл аралыктыкындай болсочу. Интернетти окуйсуз да, эгер кылмыш жоопкерчилиги болбосо, анда билбейм эмне болот. Эч кандай жоопкерчилик болбой калат».
Өмүркуловдун кесиптеши Мирлан Жээнчороев жалаа жабуу маселесин сот органдарына кайрылуу аркылуу чечүүгө жана келтирилген моралдык чыгымды өндүрүп алууга болорун түшүндүрдү.
Ушундай эле пикирин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов дагы айтып өттү. Ал сунушталып жаткан Конституцияда кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол берилбей турганы жөнүндө сөз болуп жатканын, бирок жарандар өз укуктарын жарандык-укук багытында коргой аларын билдирди.
Жалаа жабуу жана ЖМКга каршы сот отурумдары
2010-жылга чейин Кыргызстандын Конституциясында жалаа жапкандыгы үчүн адамды кылмыш жообуна тартууга тыйуу салынган эмес. 2010-жылы өлкөдө референдум өткөрүлүп, жалаа жапканы үчүн кылмыш жообуна тартууга тыйуу салган жаңы Конституция кабыл алынган.
Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартканына карабай, бийлик ЖМКны сотко берип, айып өндүрүүнү токтоткон эмес. Атап айтсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болуп турганда журналисттер менен ЖМКларды байма-бай сынга алып, жалаа жабууга, сөздөрүн бурмалоого айыптап келген.
Ал тургай Атамбаев 2017-жылы Zanoza басылмасын сотко берип, 30 миллион сомго жакын айып талап кылган. Анда басылма макалаларында анын абийир-намысына шек келтирип, жалган маалымат таратты деп тапкан.
Сот Атамбаевдин тарабын колдогон, бирок ал кийинчерээк компенсациядан баш тарткан. Ал муну «расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта болгон позитивдүү өзгөрүүлөр» менен түшүндүргөн.
Буга карабастан, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде өз позициясын жоготуп алган.
Zanozaдан тышкары, Атамбаев «Азаттык» менен дагы соттошкон. 2017-жылы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча «Азаттыкка» каршы эки доо койгон.
Анда «Азаттыкты» президенттин беделине доо кетирген маалымат таратты деп айыпташкан. Басылмадан моралдык чыгымдын ордун толтуруу үчүн 20 млн сом талап кылышкан.
Башкы прокуратуранын бул басылмалар менен соттошуусуна себеп болгон макалалар Атамбаевдин башкы сынчысы, оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын билдирүүсүн камтыган.
«Азаттык» радиосунун жетекчилиги менен жолуккандан кийин Атамбаев айнып, башкы прокурорго доолорду чакыртып алууну сунуштаган. Ал «Азаттык» «тең салмактуу жана ойлонулган» материалдарды чыгарып баштады деп эсептеген.
Саясий кризис
Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо, аны өзгөртүү боюнча шашылыш референдум Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айында башталган саясий кризистин натыйжасы.
Анда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместер Бишкектин көчөлөрүнө митингге чыгышкан. Алар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганына жана массалык добуш сатуулар болгонуна нааразы болушкан. Митинг акциянын катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин кагылышуусуна өткөн.
Башаламандыктардын шартында, тарапташтарынын колдоосу менен Садыр Жапаров колониядан чыккан. Ал кыска убакыт аралыгында президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик кызматтарды ээлеп, андан соң башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелеген. Ошондой эле, ал президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.