Кыргыз студенттери окууга кетиш үчүн эки ПЧР-тест тапшырышы керек — Орусия элчилиги

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандык студенттер үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу кабарлады.

Маселен, Роспотребнадзордун көрсөтмөсүнө ылайык, чет элдик студенттер коронавируска карата ПЧР-тестти эки ирет тапшырууга тийиш — учууга чейинки 72 саат аралыгында, андан соң Орусиянын аймагына киргенден кийин 72 саат аралыгында.

«Орусияга келгенден кийин ПЧР-тесттин жыйынтыгы чыкканча обочолонуу режимин сактоо зарыл. Студенттер эки жолку терс натыйжалуу тесттин жыйынтыгын көрсөткөндө гана окууга киргизилет», — деп белгилешет элчиликтен.

Студенттер, бардык башка кыргыз жарандарындай эле Орусияга «Аэрофлот» (шейшемби, жума, жекшемби күн6дөрү) жана «Авиа Траффик» (шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү) авикомпанияларынын Бишкек-Москва багытындагы, аптасына үч жолу учуп жаткан туруктуу түз каттамдары аркылуу кире алат.

Кыргызстандыктар Орусияга чартердик рейстер аркылуу да кете алышат, бирок ал үчүн олуттуу негиз болушу керек. Мисалы, туугандыгы же Орусиядан дарылануу зарылчылыгы жөнүндө маалымкат.