«Туугандары жардам берди». Алканова Матраимов 2 млрд сомду кайдан таап бергенин айтты

Жакында эле коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы Элнура Алканова аткаминер УКМК 2 млрд сом деп аныктап берген зыянды төгүш үчүн акчаны кайдан алганын түшүндүрүп берди.

«Бул акчаны ал туугандарынан чогултту, бир бөлүгү — үй-бүлөсүнүн акчасы, дагы бир бөлүгү — туугандарынын, тарапташтарынын, тааныштарынын, жакшы мамиледеги адамдарынын акчасы — алардан ал ушул сумманын баарын чогултту», — деди ал «Клооптун» кабарчысынын суроосуна жооп берип.

Ошондой эле, Алканова келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Матраимовдун туугандары 1,4 млрд сомдун бир бөлүгүн «кредитке алышкан» деп билдирди.

«Ал колунда болгон бүт мүлкүн, бүт малын сатты, ушунун баарын берди. Алар [Райымбек Матраимовдун туугандары] кредит да алышты, Искендер Исмаилович [Матраимов — парламенттин депутаты, Райымбек Матраимовдун агасы] жеке өзү бир нече кредит алды. Бул менин билгеним. Мага белгилүүсү [ушул]. Бирок алар аягында толук сумманы кантип чогултушканын, мен толук жагдайды билбейм, анткени мен жакынкы тууганы же жакындан ишенген адамы болуп эсептелбейм», — деп жыйынтыктады сөзүн.

18-февралда УКМКнын кызматкерлери Райымбек Матраимовду кайрадан кармашкан — бул жолу кылмыштуу кирешелерди мыйзамсыз адалдаштыруу тууралуу иш боюнча.

Эртеси Бишкекте жана экс-аткаминердин кичи мекени Кара-Суу районунда митингдер өттү — чогулгандар бийликтен аны бошотууну талап кылышты.

Анын баш коргоо чарасы азырынча карала элек, учурда ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында.

Эки миллиард жана 260 000 сом

Буга чейин, 11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюбнча сот отуруму өткөн. Матраимов — Кыргызстандын бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары жана өлкө тарыхындагы эң чуулгандуу коррупциялык жаңжалдын фигуранты.

Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Салынган 260 миң сом айып Кыргызстандан бажыдагы коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылган 700 млн доллардын 0,00043%ын гана түзөт. Штрафтан тышкары, Матраимов буга чейин мамлекетке 2 млрд сом (24 млн АКШ доллары) зыяндын ордун тургузуп берген — бул коррупциялык схемалар аркылуу чыгарыып кеткен сумманын дээрлик 3,5%ы.

Анткен менен, расмий кирешелер боюнча бажыда иштеген аткаминерде — ал төраганын орун басары болсо да — 2 млрд сом бар болушу мүмкүн эмес эле.

Соттун мындай чечими коомдо резонанс жаратып, натыйжада 14-февралда акыйкат үчүн тынчтык жөө жүрүшү болгон.

Матраимовдун иши боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берген. Ал болуп өткөн сотто экс-бажычынын ишинин бир гана эпизоду каралганын билдирген.

Президенттин айтымында, УКМК анын Дубайдагы ишмердүүлүгү, банк эсептери жана мүлкү боюнча коңшу өлкөлөргө сурам жөнөткөн. Анткен менен, журналисттик иликтөөлөрдө Дубайда Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон кымбат мүлк жана Абдукадыр кланы менен биргеликте иштеткен бизнеси бар экени тууралуу далилдер бар. Абдукадыр кланы — Кыргызстан аркылуу ЕАЭБге кеткен товарлардын аткезин көзөмөлдөйт. (Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы).

УКМК 15-февралда атайын кызмат Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшертүү үчүн Түркияга, Дубайга, Украинага жана Орусияга сурам жөнөткөнүн кабарлаган. Билдирүүдө эгер чет өлкөдө анын мүлкү табылып калса анда ал мүлктөр камакка коюлуп, атайын кызмат тергөөнү улантары белгиленген.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Ал эки күнгө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.