«Матраимовду бошоткула!» Бишкек жана Кара-Сууда экс-бажычынын тарапташтары митингге чыкты

Сүрөт: «Клооп»

Бишкек шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда 19-февралда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты.

Матраимов «кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» фактысы боюнча шектелип, 18-февраль күнү УКМК тарабынан кармалган. Ал эми буга чейин «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Митингчилер Райымбек Матраимовду бошотууну талап кылышууда.

Бишкектеги митингчилер алгач УКМКнын имаратынын алдында чогулду. Алардын арасында парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон спортчу Шайлообек Атазов, журналист Элнура Алканова жана Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев да бар. Аталган партия Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык экени айтылып келет.

Митингге кишилерди журналист Алканова фейсбук аркылуу чакырды. Анын айтымында, Матраимов эки айга тергөө изоляторуна камалып калышы мүмкүн.

«Матраимов 2 млрд сом төлөдү. Өлкөдөн качпай, тарапташтарын таштабай, тергөө менен кызматташып, моралдык жоопкерчиликтен качпай, сурак берип сотко катышты. Эч жакка качпай турган адамды камап салышты! Бул укуктук башаламандык!», — деп жазды Алканова.

Кийинчерээк чогулгандар Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына келишти. Бул жерде бүгүн Матраимовдун бөгөт коюу чарасы каралат.

Ал эми Кара-Суу районундагы митинг «Исмаил Ата» атындагы мечиттин алдында башталды. Аталган мечитти Матраимовдордун «Исмаил Ата» кайрымдуулук фонду салган.

Кийинчерээк митингчилер Кара-Суу райондук администрациясынын алдына барышты. Чогулгандардын арасында Матраимовдун «өкүл баласы» жана Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов да болду.

Сайпидинов 12-январда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган. Бирок эки күндөн кийин Сайпидинов бюджетке 1 млн сом төлөп, үй камагына чыгарылган.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын маалымдаган.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Матраимов Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчилери Нурлан Раджабалиев жана Абдыбахаб Боронбаев менен биргеликте бажыдагы коррупциялык схемаларды түзүүгө күнөлүү деп табылып, ар бирине 260 миң сомдон айып салынган.