Баткен: Мечиттен 77 миң сом уурдаган тургун кармалды. Ал акчаны кийим-кечеге короткон

Сүрөт: Баткен ОИИБи

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Нур-Вали» мечитинен 77 миң сом уурдаган тургун кармалды. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя 20-февралга караган түнү болгон.

«Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы тургуну кармалды. Ал мечиттин эсепканасындагы темир сейфти бузуп, 77 миңден ашуун акчаны уурдап кеткен», — деп билдирди Баткен ОИИБиден.

Мындан сырткары, милиция кармалган шектүү шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды да уурдап жүргөнү аныкталганын кошумчалады.

Ошондой эле, шектүү алгачкы сурак учурунда уурдалган акчадан 5 миң сом гана калганын айткан. «Кактус» басылмасы маалымдагандай, каражатты ал кийим-кече сатып алууга сарптаган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Уурулук» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин 6-январда аталган облуста Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургунун күч колдонуп колу-бутун байлап, үйүндөгү 100 миң сомун жана баалуу алтын буюмдарын уурдап кеткен үч киши кармалган. Учурда «Каракчылык» беренеси менен тергөө амалдары улантылууда.