Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тест жана мобилдүү лаборатория берет — ССМ

Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тест системасынын топтомун жана мобилдүү лаборатория берет. Бул туралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев 20-февралда Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.

«Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргыз тарапка COVID-19 дартын текшерүүгө 100 миң ПЧР-тест жана ИФА-тест кайтарымсыз негизде берилери тууралуу макулдашуу ишке ашкан. Ошондой эле, быйылкы жылы Кыргызстан кезектеги мобилдүү автономдук лаборатория менен камсыз болот», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Орусия эпидемиология, диагностика, актуалдуу жугуштуу ооруларды дарылоо жаатында кыргыз медиктерин окутууга көмөктөшөрүн билдирди.

Ошондой эле, кыргыз тарап орусиялык вакцинаны алууга жана Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарын массалык эмдөөгө көмөктөшүү тууралуу өтүнүч келтирген.

2020-жылдын март айында, коронавирус Кыргызстанга жаңыдан келе баштаганда Орусия дартты аныктоо үчүн 7,5 миң тест-система бөлүп берген. Андан тышкары, өлкөгө гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн жана ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен орусиялык врачтар учуп келишкен.

Кыргызстанда 22-февралга карата вирустун жайылышына байланыштуу кырдаал турукташа баштаганы байкалууда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16-февралда COVID-19жун жайылганы азайып баратканын маалымдаган.