Коронавирустун 24 жаңы учуру катталып, 59 киши оорудан айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-февралда Кыргызстанда коронавирустун 24 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Коронавирустун 12 учуру Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Нарын облусунда төрт, Чүй жана Ош облустарында үчтөн, Баткен облусунда эки кишиде COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 59 бейтап айыкты — алардын ичинде бир медик бар.

COVID-19дан Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда тогуз, Ош шаарында үч, Жалал-Абад жана Баткен облустарында экиден, Талас облусунда бир бейтап айыкты.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 025ке жетти. Алардын ичинен 82 938 бейтап айыгып, 1 460 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 379 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 309 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.