Президент Садыр Жапаров Орусиянын «РИА Новости» басылмасына курган маегинде кыргызстандыктарды Орусиянын жардамы менен эмдөө кандай жүрөрүн айтып берди.
Бир гана «Спутник V» эмес
Анын айтымында, Орусия «коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга ар тараптан көмөк көрсөтүп келет» жана бул мындан ары да уланмакчы.
«Медициналык туризм, медициналык билим берүү, дары-дармек жаатындагы кызматташуу, маалыматтык технологияларды ишке киргизүү, адистиктер боюнча квалификацияны жогорулатуу [...] багытындагы байланышты күчөтүү сунушталып жатат. Ошондой эле, Кыргызстанда оруссиялык өндүрүшчүлөр даярдаган вакцилар менен калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө даярдоо жана ишке ашыруунун алкагындагы кызматташтык жигердүү өнүгүп жатат», — деди ал.
Азыркы тапта жалгыз« Спутник V» гана каттодон өттү, бирок өлкөдө орусиялык башка вакциналарды дагы каттатуу боюнча «болжолдуу мехнанизмдер» каралып жатат. Алар саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргызстанга каттоодон өтпөстөн алып кирүүгө мүмкүн болгон атайын тизмедеги дары-дармектердин тизмесине киргизилди.
Вакцина биринчи кимдерге берилет?
Жапаровдун айтымында, ДССУнун концепсиясы менен кетет — биринчилерден болуп адамдар менен көп байланышкан медиктер менен адам өмүрүн камсыздаган мекемелердин кызматкерлери эмделет. Кийинчерек вакцина «оорунун оор формалары менен ооруп калуу коркунучу жогору» жарандар, калктын социалдык-аялуу катмары, андан соң өз ыктыяры менен эмделгиси келгендер алат.
Келип жаткан вакциналарды бөлүштүрүүнүн алгоритми даяр, кампалар даяр, ал эми медиктер COVID-19га каршы вакцинаны кантип колдонуп, кандай сактоо керектигин окуп жатат.
«Биз — алакандай өлкөбүз, оору бизге чоң зыянын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан биз үчүн вакцинациялоо мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу, анын ичинде өлкөдө жашоонун эч кандай чектөөлөрү жок кадимки нукка түшүшү үчүн дагы маанилүү», — деп жыйынтыктады ал.
«Спутник V» тууралуу эмне белгилүү?
«Спутник V» — «Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиологияны изилдөө улуттук борбору» тарабынан иштелип чыккан Орусиянын өндүрүшүндөгү вакцина. Орусияда вакцина 2020-жылдын августунда эле каттоого алынган.
Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги COVAX глобалдык альянсынын алкагында Кыргызстан америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компанияларынын вакциналарын колдонууну пландаган болчу. Бирок өлкөдө атайын муздаткычтар жок болгондуктан Кыргызстан бул вакциналарды азырынча ала элек.
Кийин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik.kg басылмасына маек куруп, Кыргызстан Орусиядан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын сураганын кабарлаган. Министр 250 миң адамды эмдөө үчүн 500 миң доза жетиштүү деп кошумчалаган, ал эми эмдөөнүн өзү эки этап менен өтөт.
Орусиянын «Спутник V» вакцинасы сыноолордун үчүнчү фазасы башталганга чейин эле COVID-19 илдетине каршы каттоодон өткөн биринчи вакцина. Аны иштеп чыккандар вакцинанын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт деп ишендиришкен.
* Сыноолордун үчүнчү фазасында ыктыярчылардын саны көбөйөт жана алар эки топко бөлүнөт. Биринчи топко вакцина, экинчилерге — плацебо сайылат.
Дагы окуңуз: Кыргызстан Pfizer вакцинасынан баш тартты, анын ордуна кайсынысы келет?
Клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы айтылбагандыгы жана шашылыш каттого алынуусу орусиялык вакцинанын имиджине терс таасирин тийгизип, илимий чөйрөдө нааразылык жараткан.
Бирок 2-февралда кадыр-барктуу The Lancet медициналык журналында орусиялык вакцинанын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жарыяланган. Сыноого 19 866 адам катышкан. Ага ылайык вакцинанын таасирдүүлүгү 91,6% түзгөн, ал эми ыктыярчылардын эч биринде олуттуу терс таасири байкалган эмес.
Вакцина 60 жана андан жогорку жаштагы адамдарда дагы натыйжалуулугун көрсөткөн. Бирок ал жашы жетек электерге, кош бойлууларга жана эмчек эмизген энелерге сайылып сыналган эмес, ошондуктан вакцина бул топтогу адамдарга кандай таасир этери азыр белгисиз.
«Спутник V» үч жума аралык менен эки жолу сайылат. Вакцинанын экинчи компоненти куюлган соң үч жумадан кийин иммунитет пайда болот.
«Спутник V» Орусиядан тышкары Беларус, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы жана Тунисте катталган.