Акыркы суткада коронавирус жуктурган 52 бейтап сакайып, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 28-февралда 52 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 21, Чүй облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 5, Ош облусу — 1, Ош шаарында — 3, Нарын облусунда — 1, Баткен облусунда — 1, Талас облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 179 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 364 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 16 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 283 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада коронавирустун жаңы 44 учуру катталды. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 16. Ал эми Чүй облусунда — 10, Ош шаары жана Ысык-Көл облусунда — бештен, Талас облусунда — бир, Нарын облусунда — эки учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 229га жетти. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 061.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында COVID-19ду жуктурган бир бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 464 киши көз жумду.