Орусиялык космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады

Орусиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков өзүнүн твиттер барагында Ысык-Көлдүн Эл аралык космос станциясынын бортунан тартылган сүрөтүн жарыялады.

Эл аралык космос станциясынын космонавттары Ысык-Көлдүн сүрөтүн буга чейин да жарыялашкан. Январь айында башка космонавт Олег Артемьев дагы көлдүн сүрөтүн жарыялаган болчу.

Ысык-Көл республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан.

Бир кадр менен: Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшү