Кыргызстандын эксперттик коому Жогорку Кеңештин депутаттарын Конституцияга толуктоолорду киргизүү тартибин сактабагандыгы үчүн сынга алды. Эл өкүлдөрү баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкуу бүтө электе карап баштады.
Аны менен катар 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу.
Эксперттердин ою боюнча, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн.
Азыркы шартта, мындай кадамдан улам «бийликтин иш-аракеттерине болгон ишеним кескин төмөндөшү» толук ыктымал.
«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери эмне дейт?
«Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фонду депутаттарга кайрылып, мыйзам тарабынан бекитилген процедуралардын бардыгын сактоонун чоң мааниси бар экенин белгиледи. Юристтер профилдик комитет Конституциянын долбоорун 2-мартта, ал боюнча коомдук талкуу бүтөрүнө дагы бир жума калганда эле карап чыкканын мыйзам бузуу деп аташты.
Алардын ою боюнча, «бекитилген процедураларды милдеттүү түрдө сактоо» Конституцияны өзгөртүүнүн мыйзамдуулугун жана легитимдүүлүгүн камсыз кылат.
«Адилет» уюму буга чейин эле бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылып, Конституцияны өзгөртүү процедураларын сактоонун зарылдыгы боюнча кайрылганын белгиледи.
Мисалы, мындай милдеттүү процедуралардын бири — мамлекеттик бюджетте референдумду өткөрүү үчүн жетишерлик акча каражаты болгону тууралуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана өкмөттүн корутундусун алуу.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Конституциялык мыйзамына ылайык ушул сыяктуу мыйзам долбоору, ал парламентке тапшырылганына чейин 1 айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес убакытта кабыл алынат.
Ошол эле учурда, «Укуктук ченемдик актылар жөнүндөгү» мыйзам жана парламенттин регламенти бийликтен бир айдан кем эмес мөөнөттүн ичинде коомдук талкууну өткөрүүнү, Конституциянын долбоору боюнча парламенттик угууларды уюштурууну жана адистештирилген экспертизалардын корутундуларын алууну милдеттендирет.
«Конституциялык реформаны жүргүзүү тартибин бузуу келечекте Конституцияга каршы чыгуу үчүн негиз болуп берет. Бул кырдаал өз кезегинде мамлекеттик органдардын ишмердигинин мыйзамдуулугуна шек жаратат, ошондой эле чыр-чатактардын кайталануу коркунучун да туудурат», — деп уюмдан билдиришти.
Кыргызстандын тарыхында Конституцияга түзөтүүлөр бузуулар менен кабыл алынгандыктан улам Баш мыйзамдын иштешин толугу менен жокко чыгарган учурлар болгонун юристтер эскертип өтүштү. 2007-жылы Конституциялык сот 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечими менен дароо эки Конституциянын иштешин жокко чыгарган: 2006-жылдын 8-ноябрындагы жана 2006-жылдын 30-декабрындагы.
«Ошол учурда күчүндө болгон Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун корутундусун эске алуу менен гана парламентке сунуштар берилген күндөн тарта үч айдан эрте эмес жана алты айдан кеч эмес мөөнөттө ага өзгөртүүлөрдү киргизе алмак», — деп эксперттер белгилешет.
Бирок, бул процедуралык талаптардын болгонуна карабастан, парламент регламентти өзгөртүп, Конституциялык соттун корутундусун албастан жана белгиленген мөөнөттөрдү сактабастан эле Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алып койду.
«Ошол кезде деле, бүгүнкүдөй эле «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» жана «Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү» аныктамалар ар кандайча колдонулган. Регламенттин көрсөтүлгөн жоболорун колдонуп, Жогорку Кеңеш эки жолу Конституцияны жаңы редакциясын кабыл алган», — деп уюм баса белгиледи.
Мындан кийин, 2007-жылдын 22-октябрында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешти таркатып жиберген. Ал муну парламент өзүнүн иш-аракеттеринин жыйынтыгында ЖК жана Конституциялык соттун ортосундагы «чечилгис пикир келишпестиктерди» пайда кылып, саясий кризисти жараткан деп түшүндүргөн.
«Медиа Полиси Институтунун» эксперттери эмне дейт?
«Медиа Полиси Институту» дагы регламенттин бузулушуна байланыштуу билдирүү жасады.
Уюмдан Конституциянын жаңы редакциясы учурдагы Конституциянын жоболоруна ылайык кабыл алынышы жана анын кабыл алынышында коомчулуктун катышуусу абдан маанилүү экенин белгилешти.
«Конституциянын, демек бүтүндөй саясий системанын легитимдүүлүгү, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууда процедураларды өтө кылдат сактоо жана бардык тараптардын бул маселе боюнча тил табышуусу аркылуу гана камсыз кылынат. […] Бул эки шарт тең бүгүнкү күндө аткарылбай жатат», — деп эксперттер баса белгилешти.
Эксперттердин айтымында, депутаттар «Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамындагы беренени бузушкан. Ага ылайык, Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын 9-мартына чейин.
Коомдук талкуу бүткөнү тууралуу расмий түрдө жарыяланган эмес. Бирок, парламенттин профилдик комитети Конституциянын жаңы долбоорун 2-мартта эле карап чыккан жана ага макулдугун берген. Бүгүн болсо, 3-мартта депутаттар биринчи окууда эле референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун (Конституциянын долбоору менен бирге) карап башташкан.
«Долбоордун профилдик комитетте каралып жатканы, Конституциянын долбоору расмий түрдө парламентке киргизилгенин жана мындайча коомдук талкуулар аяктаганын түшүндүрөт. Жарандардан жана юридикалык жактардан Конституциянын долбоорунун демилгечилерине берилген сунуштар менен сын-пикирлер эмне болгону түшүнүксүз бойдон калды», — деп «Медиа Полиси Институтунан» билдиришти.
Уюмдун айтымында, бардык сунуштар боюнча пикир келишпестик протоколдору даярдалышы керек эле, жана аларда кайсы себептерден улам сын-пикирлер кабыл алынып-алынбаганын көрсөтүлүшү керек болчу, бирок мындай иш жүргүзүлгөнү «байкалган жок».
«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын бөлүмчөсүнө ылайык, мыйзам долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта парламенттик угуунун жана коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек болчу.
«Азыркы учурда биз бул жагы боюнча негиздеме-маалымкат кантип жол-жоболоштурулганын билбейбиз, анткени иш жүзүндө коомдук талкуу болгон жок», — деп эксперттер белгилешти.
Мындан тышкары, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоодо Конституциянын долбоорунун текстинин өзүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт — «азыр керек болсо депутаттардын өздөрү да оңдоп-түзөөлөрдү киргизе алышпайт».
«Белгилей кетчү нерсе, Конституциялык кеңешме коомдук талкуу өткөргөн эмес. Ошол эле учурда, кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев депутаттар долбоордун жаңы редакциясын коомдук талкууга коюуга милдеттүү экенин белгилеген. Эл эмнеге добуш берип жатканын түшүнүп, референдум өткөнгө чейин өз сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», — деп белгилешти уюмдан.
Эксперттер 3-мартта парламент Конституциянын долбоорун коомдук талкуусуз, сунуштар менен сын-пикирлерди эске албастан, жана коомдук талкуунун белгиленген мөөнөттөрүн сактабай карап жатат деген жыйынтык чыгарган.
Алардын пикиринде, мындай кадам «бийликтин иш аракетине болгон элдин ишенимин кескин төмөндөтөт», анткени өлкөнүн Конституциясын кабыл алууда тараптар бир пикирге келген жок. Мындан улам «анын легитимдүүлүгү талаш-тартыш жаратат».
Кыргызстан үчүн жаңы Конституция
Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү маселеги жигердүү талкуулана баштаган.
Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.
Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.
Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.
Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон.
Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышты.
Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүүдө.
Дагы тема боюнча: