ССМ коронавирустун 1-толкунунда мамлекетке 3 млн сомдон ашык зыян келтирген — Башкы прокуратура

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун биринчи толкуну учурунда дары-дармектерди сатып алууда мыйзам бузууларга барган. Анын негизинде мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдети менен күрөшүү учурунда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банктан бөлүнгөн акча каражатына лопинавир, ритонавир препараттары сатылып алынмак.

Бирок кийин Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан ал дарылар тизмеден чыгарылган. Ага карабай дарылар сатылып алынган.

«2020-жылдын 13-апрелинде Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «М» фармкомпаниясы менен Калидавир препаратын (лопинавир/ритонавир препараттардын аналогу) мамлекеттик бюджеттин эсебинен үч жарым миллион сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлгөн. Бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында турганы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды дарылоодо лопинавир, ритонавир препараттары колдонулбайт. Себеби, препараттар убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына киргизилген эмес.

Аталган факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус учурунда акча жасагандыгы тууралуу «ПолитКлиника» басылмасы иликтөө чыгарган. Анын негизинде министрлик жөнөкөй масканы 25 сомго, коргонуучу кийимдерди 6000 сомдон сатып алганы аныкталган.

Ошондой эле, маскалар медицина тармагына тийешеси жок багытта иш алып барган фирмалардан алынган.

Ал эми февраль айынын башында дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинде коррупциялык схема аныкталып, 8 кылмыш иши козголгон болчу.

Аткаминерлер жана пандемияга даярдык көрүүдөгү чабалдык үчүн жоопкерчилик

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандар менен муниципалитеттин ишин текшерген ведомстволор аралык комиссиянын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы күрөштүн алкагында 14 кылмыш иши козголголгон.

Бирок чоң кызматтарды ээлеген чиновниктердин эч кимиси ТИЗОго киргизилген жок жана бир дагы адам азырынча соттолгон эмес.

Болгону пандемия башталган убакта COVID-19га каршы күрөшүү Республикалык штабын жетектеген мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок ал пандемияга байланышы жок мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга айыпталууда.

Мындан тышкары, Абылгазиев пандемияга байланышкан «Шалаакылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин фигуранты экени дагы белгилүү — кылмыш иштери коомчулуктун кайрылууларынан кийин козголгон. Бул иштер боюнча тергөө кандай болуп жатканын Башкы прокуратура айта элек.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев пандемияга даярдык көрүүдө шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелип азыр үй камагына коё берилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирген. Бирок 2020-жылдын февраль айында COVID-19 илдетинин өлкөгө жайылып кетүүсүн болтурбоого керт башым менен жооп берем деп убада берген болчу. Ага карабай, бир айга жетпеген аралыкта жуктуруунун алгачкы учурлары каттала баштаган.

Андан тышкары, мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы финполго сурак берген. Ал эми 2020-жылдын жай айларында Өмүрбекова пандемия учурунда фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө ишинин алкагында Кытайдан келген гумжардамды бөлүштүрүү маселеси боюнча дагы суракка чакырылган. Мындан тышкары, Өмүрбекова 26-январда дагы финполго суракка барган. Анда сурак өкмөттүн коронавируска каршы күрөшкө даярдыгы боюнча экени айтылган.

Ошол эле күнү, 26-январда экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова дагы финполго суракка чакырылган. Ал бул кызматка Өмүрбековадан кийин келген. Исмаилова сурактын жүрүшүндө эмне жөнүндө сүйлөшүү болгонун журналисттерге айтып берген эмес, бирок ведомстволор аралык комиссиянын тыянактарына макул эместигин билдирген.

Эгерде сизге коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн акчага эмнелер алынганы кызык болсо, биздин тесттен өтсөңүз болот.