Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасалат

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөккө операция жасалышына муктаж. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев Kaktus.media басылмасы билдирди.

Анын айтымында, Чолпонбаев жүрөктүн кан тамырларын текшерүү — коронароангиографиядан өттү. Анын жыйынтыгында, врачтар стент орнотуу зарыл экенин аныкташты.

Стент — ичкерген тамырларды кеңейте турган атайын каркас.

Космосбек Чолпонбаев 22-октябрда №1 тергөө абагынан миокарда инфаркты менен ооруканага жеткирилген. Анда мурдагы министрде кан агуу коркунучу жогору болгондуктан улам кан тамырларын текшеришкен эмес.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Чолпонбаев оор абалдан чыгарылганын билдирди.

«Ага операция жасаш керек. Бул бекер эмес. Эгер ал бүгүн-эртең финансы маселесин чечпесе, анда аны кайра тергөө абагына жөнөтөбүз», — деди Сарыбаев.

Анын айтымында, Чолпонбаев каржы маселесин шейшемби күнү чечерин билдирген.

Космосбек Чолпонбаевдин иши

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылдан 2020-жылга чейин саламаттык сактоо министр болуп эмгектенген. Ал буга чейин Кыргызстандын Фармацевтикалык биримдигинин төрагасы болчу.

Коопсуздук кеңештин өлкөдөгү коронавирус пандемиясына талаптагыдай даярдык көрүлбөгөнү боюнча айыптардан кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны министрлик кызматтан 1-апрелде алган. Ал эми 15-сентябрда финпол аны пандемия маалында кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга жана шалаакылыкка шектеп кармаган.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-министрди тергөө изоляторуна эки айга — 15-ноябрга чейин киргизүү чечимин чыгарган. Сот отурумунан кийин Чолпонбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн күнөөлү деп эсептебей турганын айткан.