Дары-дармек департаментинде коррупциялык схема аныкталып, 8 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура 2-февралда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо департаментинин ишмердигин текшергенин билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокуратура сегиз кылмыш ишин козгоду, ал иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө «департаменттик натыйжалуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген» коррупциялык схемалар аныкталган.

«Департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо жана экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдошуп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүшкөн жана коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, өкмөткө жана ыйгарым укуктуу органдарга мыйзам бузууну жоюу тууралуу төрт көрсөтмө киргизилди. Мындан тышкары, департаменттин төрт кызматкери тартип жоопкерчилигине тартылып, алардын бирөөсү терс негиздер боюнча кызматынан бошотулду.

Аткаминерлер жана пандемияга даярдык көрүүдөгү чабалдык үчүн жоопкерчилик

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандар менен муниципалитеттин ишин текшерген ведомстволор аралык комиссиянын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы күрөштүн алкагында 14 кылмыш иши козголголгон.

Бирок чоң кызматтарды ээлеген чиновниктердин эч кимиси ТИЗОго киргизилген жок жана бир дагы адам азырынча соттолгон эмес.

Болгону пандемия башталган убакта COVID-19га каршы күрөшүү Республикалык штабын жетектеген мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок ал пандемияга байланышы жок мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга айыпталууда.

Мындан тышкары, Абылгазиев пандемияга байланышкан «Шалаакылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин фигуранты экени дагы белгилүү — кылмыш иштери коомчулуктун кайрылууларынан кийин козголгон. Бул иштер боюнча тергөө кандай болуп жатканын Башкы прокуратура айта элек.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев пандемияга даярдык көрүүдө шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелип азыр үй камагына коё берилген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Чолпонбаевди кызматынан 2020-жылдын 1-апрелинде бошоткон. Ага коронавирустун алдын-алууга тийиштүү денгээлде даярдык көрбөгөндүгү үчүн Коопсуздук кеңештин сунуштамасы негиз болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирген. Бирок 2020-жылдын февраль айында COVID-19 илдетинин өлкөгө жайылып кетүүсүн болтурбоого керт башым менен жооп берем деп убадалаган болчу. Ага карабай, бир айга жетпеген аралыкта жуктуруунун алгачкы учурлары каттала баштаган.

Андан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүчү Республикалык штабдын курамына кирген жана мектептер жабылбайт, азык-түлүк жетишсиздиги орун алат деп дүрбөлөңгө алдырууга негиз жок деп билдирген мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы финполдун сурагына кирип чыккан. Буга чейин Коопсуздук кеңеши Жээнбековго коронавирус менен күрөшүүдөгү чабал иши үчүн Өмүрбекованы Чолпонбаев менен кошо кызматтан алууну сунуштаган. Экс-президент Коопсуздук кеңештин сунуштамасын орундаткан.

2020-жылдын жай айларында Өмүрбекова пандемия учурунда фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө ишинин алкагында Кытайдан келген гумжардамды бөлүштүрүү маселеси боюнча дагы суракка чакырылган. Мындан тышкары, Өмүрбекова 26-январда дагы финполго суракка барган. Анда сурак өкмөттүн коронавируска каршы күрөшкө даярдыгы боюнча экени айтылган.

Ошол эле күнү, 26-январда экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова дагы финполго суракка чакырылган. Ал бул кызматка Өмүрбековадан кийин келген. Исмаилова сурактын жүрүшүндө эмне жөнүндө сүйлөшүү болгонун журналисттерге айтып берген эмес, бирок ведомстволор аралык комиссиянын тыянактарына макул эместигин билдирген.

Тема боюнча окуңуз: Өлүм саны азайтылып, даярдык болгон эмес. COVID-19га каршы күрөштү иликтеген комиссиянын бүтүмү