Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан биротоло ажыратылды

Өмүрбек Текебаев

«Ата-Мекен» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылды. Мындай чечим Жогорку сот тарабынан 3-мартта кабыл алынды. Эми соттун чечими өзгөртүлбөйт жана кайра даттанууга жатпайт.

«Азаттык» басылмасы Текебаев Жогорку соттун чечимин күтпөй эле сот отурумунан чыгып кеткенин маалымады. Ал анын иши жарым жылдан бери созулуп келе жатканына нараазы болгон.

«Саясий кызыкчылык болушу мүмкүнбү? Эми ал жөн эле көрүнүп турат. Сооронбай Жээнбековдун убагында 1 жыл 3 ай менин ишим чечилбей келди. Жаңы бийлик келип, кээ бир саясатчылардын иши бир түндө, жарым саатта чечилип жаткан учурда менин ишим 6 айдан бери созулуп жатат. Мага мандатты кайтарып бербегенге кызыктар күчтөр барбы? Алардын сотко таасири барбы? Муну ар бир шайлоочу өзү чечим чыгарышы керек деп ойлойм», — деген Текебаев.

Буга чейин Боршайком Бишкек шаардык сотунун Текебаевди мандаттан ажыратуу чечимин Жогорку сотко даттанган болчу. Ал эми шаардык сот 25-декабрда Бишкек административдик сотунун Боршайком Текебаевге депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген чечимин күчүндө калтырган эле.

Текебаев депутаттык мандатынан экинчи жолу ажыратылып жатат. Буга чейин 2017-жылы коррупция жана опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылганда мандатынан кол жууган.

Андан кийин шайлоо комиссиясы өткөн жылдын 15-октябрында «Ата-Мекен» партиясынын лидерине мандатын кайтарып берип, ал кайрадан парламентке депутат болуп келген. Бирок ага чейин комиссия Текебаевге алтынчы чакырылышта бош орун жок болгондуктан мандатын кайтарып берүүдөн баш тарткан болчу.

Көп өтпөй анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына арыз жазып, мандатын партиянын лидеринин пайдасы үчүн жокко чыгарууну өтүнгөн.