БШК Текебаевге депутаттык мандат кайтаруу боюнча арызын караган жок

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандатты кайтарып берүү тууралуу арызы каралган жок.

БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун «Азаттык» басылмасына билдиргендей, маселени кароо үчүн бош мандаттын болуусу керек.

«Бош мандат болсо, ошону өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасак деген чечимге келдик», — деп айткан Бекматов.

Ошондой эле ал жыйынга БШК мүчөлөрү жетиштүү санда катышкан эмес деп кошумчалады.

Мындан эки күн мурун экс-депутат Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтаруу арызы менен БШКга кайрылган. Текебаев эмнеге парламентке кайра барууга ниеттенгени боюнча комментарий бере элек.

Текебаев 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылы соттолгон. Анда сот саясатчыны сегиз жылга камоо боюнча өкүм чыгарган.

2020-жылдын август айында Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайрадан кароо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Кийин райондук сот Текебаевди үй камагына чыгарган.

Тема боюнча:

БШК Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу боюнча арызын карайт