Административдик сот Текебаевге депутаттык мандат мыйзамсыз берилген деп чечти

Активист, акын Темирлан Ормуков 23-ноябрда фейсбук барагына Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатына байланышкан сот ишин утуп алгандыгын жазды.

«Эми Жогорку Кеңештин Конституциялык палатасына барам, ал аралашкан мыйзамдардын бардыгы мыйзамсыз. Анткени көчөдөн келген адам КР Парламентинин добуш берүүсүнө катыша албайт », – деп жазган Ормуков

Текебаев больше не депутат я выиграл суд. Пойду теперь в Конституционную палату Верховного суда все законы в котором...

Опубликовано Темирланом Ормуковым Понедельник, 23 ноября 2020 г.

Бишкектин Административдик соту бул маалыматты тастыктады жана кенен маалымат кийин айтыларын белгиледи.

Билдирүүнү «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү да бышыктады. Ал сот жыйынына катышпаганын жана өкүмдү саясий чечим деп атады.

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага “мандатты керек болсо алып коёбуз” деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат, — деди саясатчы.

Текебаев сот чечими кабыл алынгандан кийин 30 күн өткөн соң күчүнө кирет деп кошумчалады. Боршайком азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

Мурдараак Темирлан Ормуков БШКнын 15-октябрда кабыл алган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтырып берүү жөнүндө чечимин жараксыз деп таанууну суранып Бишкектин Административдик сотуна арыз жазган.

Таркатышып койгулачы, мага коркунуч келтиришүүдө. БШКнын кеңсесин тинтип, документтерди алып кетип Текебаевдин мандаты...

Опубликовано Темирланом Ормуковым Суббота, 24 октября 2020 г.

Поэттин айтымында, БШКнын Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу, анткени ал айыпталуучу болуп эсептелет — ага карата актоочу өкүмдөр жок, иш кайра кароого жөнөтүлдү.

Өмүрбек Текебаев мандатын кайрып алгандан кийин саясатка активдүү аралаша баштаган.

Мисалы, ал Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгып, баш мыйзамды кайра жазуу жана президенттин ыйгарым укуктарын күчөтө турган түзөтүүлөр менен макул эместигин айтып чыккан. Конституциянын жаңы текстинин автору деп болжолдонуп жаткан Бектур Зулпиев экөөнүн ортосунда талаш жаралып, Курманбек Бакиевдин мурдагы юристи бул документке тиешеси жоктугун айтып чыккан. Бул маалыматты кийин президенттин басма сөз кызматы бышыктаган.

Андан кийин ар кандай пабликтерде, анын ичинде «Садыр Жапаров» деп аталган телеграм каналда Өмүрбек Текебаевге каршы макалалар менен видеолор пайда болгон. Пабликтеги видеолордун бири «Текебаев эч ким эмес» деп аталган, ал жакта «7-каналдын» Текебаев жана анын «интригалары» тууралуу башка да материалдар болгон. Бирок Жапаровдун басма сөз кызматы «Садыр Жапаров» деген телеграм канал Садыр Жапаровго таандык экенин тастыктабай жатат.

Мурдараак Садыр Жапаров дүйшөмбү күнү (23-ноябрда) Конституциянын жаңы долбоорунун «башкы душманы» ким экенин айтып берүүнү убада кылган.

«Мегакомдун» айланасындагы чыр

2017-жылы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевга каршы «Мегаком» уюлдук операторунун тегерегиндеги окуяларга байланыштуу «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин козгоого орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү себеп болгон. Ал уюлдук оператордун үстүнөн көзөмөл кылуу үчүн Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин билдирген. Бирок ишкердин айтымында саясатчы өз убадасын аткарбай койгон.

Кыргызстандын бийлиги саясатчыны жана анын эки партиялашын «Мегакомдун» акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп күнөөлөп, аны далилдейт деген документтерди Белизден келди деп билдирген.

Кийин Леонид Маевский алдамчылыкка шектелип Орусиядан кармалган.