АКШ Көлбаевдин күнөөсүн далилдеген маалыматка сый акыны 5 млн долларга жогорулатты

Камчы Көлбаев

Америка кошмо штаттарынын мамлекеттик департаменти «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин камалышына же анын кылмыштуу уюмунун финансылык механизмдерин ачыкка чыгарган маалымат үчүн 5 млн доллар сунуштайт. Буга чейин сыйлыктын өлчөмү 1 млн доллар болчу.

«Мамдепартаменттин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы сыйлыктар жана Баңгизаттарга каршы программаларынын алкагында 75тен ашуун эл аралык кылмышкерлер жана ири баңгизат сатуучулар жоопкерчиликке тартылган. Бүгүнкү күнгө чейин департамент кылмышкерлердин кармалышына алып келген маалыматтар үчүн 130 млн доллардан ашуун каражат төлөгөн», — деп берилет Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевди «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышууга» жана «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга» шектеп жатат. Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрь күнү кармалган, бирок Бишкек шаардык соту 2-мартта аны эч жака кетпөө шарты менен абактан бошоткон.

Кийинчерээк УКМК кримтөбөлдүн туугандары мамлекетке келтирилген 250 млн сомдун 49,6 миллионун төлөгөнүн билдирген. Калган 200 млн сомду Көлбаев апрелдин аягына чейин төлөп берүүсү керек.

Камчы Көлбаев деген ким?

Көлбаев криминалдык дүйнөдө «Коля-киргиз» каймана аты менен таанымал. Алгач Көлбаев белгилүү кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобуна кирген, бирок 1990-жылдардын аягында алар чырдашып кетишкен.

2000-жылы Акматбаевди өлтүрүү аракети жасалган — анын жанындагы эки жансакчысы киши колдуу болуп, кримтөбөл өзү жарадар болгон. Кийинчерээк бул кылмышты Көлбаев аткарганы айтылып, ал 25 жылга эркинен ажыратылган. Кримтөбөл 2006-жылы №8 түзөтүү колониясынан жатак-абагына которулуп, ал жерден качып кеткен.

Көлбаев 2008-жылы Москвада «таажыланып», «мыйзамдагы ууру» аталган — бул кримчөйрөдө эң жогорку статус болуп эсептелет. Көлбаевди «таажылаган» криминалдык төбөлдөрдүн арасында белгилүү Аслан Усоян («Дед Хасан») жана Вячеслав Иваньков («Япончик») да болгон.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясы 2011-жылы Көлбаевди эң чоң баңги төбөл катары тааныган. Ал эми 2012-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу уюмдун бир бөлүгү деп билдирген. Ошондой эле 2017-жылы АКШнын Финансы министрлиги «мыйзамдагы ууруну» кара тизмеге киргизген — АКШнын бийлиги өз аймагында Көлбаевдин мүлкүн тапса ал конфискацияланат.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди «Опуза талап» кылганы үчүн үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал 2014-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналисттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсүндө кыймылсыз мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.

Ал эми 2021-жылы «Клооп», «Азаттык», OCCRP жана Bellingcat басылмаларынын иликтөөчүлөрү Көлбаев менен бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун байланышын аныктаган.