Аксыдагы уулануу: алты киши каза болуп, 11и ооруканада

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын дагы 10 тургуну ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Бейтаптар суу менен суюлтулган спиртке ууланышы ыктымал. Буга чейин, 3-мартта, уулануудан алты киши каза болгону кабарланган — алардын үчөө ооруканада, дагы үчөө үйүндө дүйнө салган. Дагы бир адам оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинчерээк анын абалы турукташкан.

«Бирөө терапия бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу. Кечке чейин адистердин бригадасы иштеп, дагы тогуз киши Аксынын аймактык ооруканасына жаткырылган. Бүгүн эртең менен дагы бир адам жаткырылды. Жалпысынан 11 киши болду, алар дагы байкоодо болот. Менимче бүгүн-эртең алардын көбү үй-бүлөлүк дарыгерлердин байкоосуна үйлөрүнө чыгат», — деди Айгерчинова.

Учурда бейтаптар так эмнеден ууланганын аныктоо үчүн эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Айгерчинованын айтымында, анын жыйынтыгы болжол менен 10 күндө чыгат.

Тургундардын бири «Super.kg» басылмасына курган маегинде жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлердин бири 20га чукул адамга «чай бергенин» билдирди. Анын айтымында, маркумдар ошол күнү ичимдиктен ууланышкан.

Ал эми Аксы райондук ички иштер башкармалыгы уулануу фактысы боюнча териштирүүнү баштады.