Ошто окуучу кызды коюп кеткен 22 жаштагы айдоочу кармалды

Ош шаарында мектеп окуучусун унаа менен коюп кеткен 22 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинин кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 1-мартта Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. «Субару» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бурулуп жатып, жөө өтмөктөн өтүп жаткан 15 жаштагы окуучу кызды коюп кеткен.

«Айдоочу кыздын абалын сураганда кыз шок абалында болгондуктан “жакшымын” деп жооп берген. Бирок убакыт өткөндөн кийин жабырлануучу ооруканага кайрылган. Азыр абалы туруктуу», — деп кайгуул кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдары унааны башкарган 22 жаштагы тургунду кармашкан. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

2020-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Ноокен айылынын тургуну «Хундай Портер» унаасын башкара албай жол кырсыгына кабылган. Ал унаасына 11-класстын окуучуларын салып алып Кара-Булак жайлоосуна бараткан. Кырсыктан бир өспүрүм каза болуп, үч окуучу жаракат алып Ноокен райондук ооруканасына жаткырылган.