Ошто милиция бөлүмүнүн жетекчиси соодагерлерден акча опузалоого шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 10-мартта Ош шаарынын №1 милиция бөлүмүнүн жетекчисин пара опузалоого шектеп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси үзгүлтүксүз түрдө базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миңге чейин акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп жүргөн.

«Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Шектүү катары кармалган милициянын подполковниги «Т.Т.М.» УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факт боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ички иштер министрлигинин сайтында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №1 бөлүмүнүн жетекчиси катары Турдубек Токобаев көрсөтүлгөн. 19-январда №1 ШМБсы «мыкты милиция бөлүмчөсү» катары таанылып, Токобаевге атайын вымпел жана акчалай сыйлык берилген.